Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

“Жетимен” журналы жарык көрдү


БИШКЕК. “Жетимен” көркөм адабий журналынын биринчи саны 2000 тираж менен 12 басма табак көлөмүндө жарыкка чыкты. Бул тууралуу журналдын редакциясынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Журналдын алгачкы санына 8-кылымдагы акындар Жайсаң, Кетбуканынын, Асан кайгынын ырларынан баштап кечээ жакында көзү өтүп кеткен белгилүү акындардын чыгармалары басылган. Ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбековдун эч бир жерде басылбаган эки аңгемеси, Расул Гамзатовдун “Менин Дагестаным” аттуу китебинен үзүндүлөр, акын Кыялбек Урманбетовдун котормосунда Омор Хаемдун рубаилери журналдын алгачкы санынан орун алган. Ошондой эле улут маселесине байланыштуу “Улутман көйгөйү” рубрикасында “Кыргыз качан кыр ашат?” аттуу макалада мектептерде кыргыз тилин окутуунун абалы чагылдырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG