Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Айрым аксылактар акимдин кызматтан кетишин талап кылууда


БИШКЕК. Жалалабад облусунун Аксы районундагы «Энелер» кыймылы жана Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитети райондун акими Абдымалик Эгембердиевдин кызматынан кетүүсүн талап кылууну улантышууда. Бул туралуу бүгүн Аксыдан «Энелер» кыймылынын мүчөсү Жанай Казакпаева маалымдады. «Энелер» кыймылынан билдиришкендей, райондун акими Аксы окуясында жабыр тарткандарга социалдык жардам көрсөтүү жана жана башка маселелерди чечүүгө көңүл бурбай келүүдө. Аким 2002-жылы Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингин ушул жылдын 17-мартында өткөрүүгө уруксат берген эмес. 9-апрелде болсо Жогорку соттун чечимине нааразылык билдирип, пикетке чыккан учурда аким эл алдына чыкпай койгон. Ал эми Аксы районунун администрациясынан «Энелер» коомунун жана Аксы окусында жабыр тарткандардын акимди кызматтан кетирүү талабы негизсиз деп билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG