Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Парламенттин президенттин кайрылуусун талкуулоого укугу жокпу?


БИШКЕК. "Президенттин 31-марттагы кош палатанын депутаттарына кайрылуусун талкуулоого Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын конституциялык укугу жок" деп бүгүн Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Муратбек Укушев билдирди. Мыйзамчы депутаттар президенттин өкүлүнүн мындай пикирине каршы ой айтышты жана парламенттин жыйынына президенттин катышуусун сунуш кылышты.

- Президент биздин палатага келип, кайчы пикирлерди чогуу талкууласак. Мүмкүн президенттин жүйөөлүү пикирлерине биз дагы макул болот элек. Биз бүгүн Мыйзам чыгаруу палатасына 4 жыл болду деп атабыз, 4 жылда президентти бир гана жолу Үзөнгүкуушту Кытайга берип атканда эле көрдүк. Эмне үчүн биз менен бетме-бет келип талкуулабайт? Эмне үчүн президент бизден качат? Парламентке келип талаш туудурган маселелерди талкуулап, биздин пикирди укса болбойбу? - деди депутат Азимбек Бекназаров.

Мыйзамчы депутаттар президенттин палатага келип катышуусун президенттин атайын ыйгарым өкүлүнөн өтүнүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG