Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Жапония Ирактан аскерлерин алып кетпейт


Мындай мүмкүнчүлүктү өлкөнүн өкмөт бышчысы Дзюньитиро Коидзуми жокко чыгарды. Бүгүн ал бул тууралуу Токиодо АКШнын вице- президенти Дик Чейни менен жолуккан соң билдирди. Коидзуминин айтымында, Иракта барымтада кармалып турган үч жапон атуулу тууралуу маалыматар али түшүнүксүз бойдон калууда:

- Түрдүү маалыматтар түшүүдө. Биз азырынча аларды текше албай жатабыз. Барымтадагылардын туугандары албетте катуу тынчызданууда, бирок биз уурдалып кеткен жарандарыбызды бошотуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Жапониянын үч жаранын өткөн аптада туткундап кетишкен согушкерлер эгер Токио 550 аскерин Ирактан чыгарбаса, аларды өлтүрөөрүн эскерткен болчу. АКШнын вице-президенти Дик Чейни Кошмо Штаттар өз тарабынан барымтадгыларды бошотуу үчүн Жапонияга мүмкүн болгон жардамды берээрин билдирди. Мунун аралыгында Кытайдын өкмөтү кечээ Иракта алардын 7 жараны уурдалып кеткенин ырастады.

XS
SM
MD
LG