Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кипр чатагын жөндөөгө АКШ да добуш кошту


Кошмо Штаттары Кипр аралын бириктирүү боюнча БУУ сунуш кылган планды 30 жылдык чатакты басуунун бирден бир жолу деп эсептейт.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер ошондой эле Кипрдин грек жана түрк жамааттарын элдештирүү келишимин кийинкиге калтырбоого чакырды.
Кипрдин грек саясатчылары 1974-жылы аралды Грекияга кошмок болушканда, аралдын көбүнесе түрктөр жашаган түндүк бөлүгүн Түркия басып алган.
Кипрдин Түрк Республикасын ошондон бери жалгыз Анкара тааныган.
БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан жыл башында аралдын грек жана түрк бөлүгүн федерацияга биригүүнү сунуш кылган.
Кипрдин грек бөлүгү 1-майда Евробримдикке кошулат. Эгерде тараптар Улуттар Уюмунун планына макул келишсе, биримдикке бүтүндөй арал кабыл алынат.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG