Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Армения президенти Р. Кочарянды бийликтен кетирүү аракети күч алууда


Дүйшөмбү күнү Еревандын көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдар Армения президенти Роберт Кочаряндын бийликтен кетүүсүн жана парламенттен Кочарянга ишеним көрсөтпөө боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышты.
ИТАР-ТАССтын кабарлашынча, полиция жүрүштүн катышуучуларын президенттик сарайга 200 метр жеткирбей тосуп калды жана аларды куптандан кийин кууп таратты. Жүрүштү оппозициядагы Адилеттик жана Улуттук биримдик партиялары уюштурду.
Бул Кочарянды президенттиктен кетүүгө чакырган акыркы бир жумадагы төртүнчү демонстрация болду.
Роберт Кочарян 2003-жылдагы шайлоодо экинчи мөөнөткө Армениянын президенти болуп шайланган. Оппозициянын ырасташынча, президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөн.

XS
SM
MD
LG