Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Фаллужа шаарынын калкы кайрылууну угабы?


Америкалык генерал-лейтенант Рикардо Санчестин сөзүнчө, коогалуу Фаллужа шаарында убактылуу жетишилген ок атышпоонун шарты “өтө чоң кыйынчылык менен аткарылууда” жана урушту токтотуу жөнүндөгү сүйлөшүү “алдыга жылбай турат.”
31-мартта Фаллужада америкалык төрт жаран мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин шаарга АКШлык аскерлер чабуул жасашкан.

Ирак өкмөтүнүн коопсуздук боюнча катчысы Мувафак Рубайи Фаллужанын калкын америкалыктарды өлтүргөн адамдарды кармап берүүгө чакырды:

-Мен Фаллужада жашаган араб улутундагы 200 миң эр жүрөк мусулмандардын баарын кылмышкерлерди кармап берүүгө жана кандуу булоонду токтотууга чакырам.

Радикал шиит диниятчысы Муктада Садрга ишенимдүү согушчандар Нажаф, Куфа жана Кербала шаарларында бир нече күн мурда басып алышкан полицияканаларды жана өкмөттүк имараттарды калтырып кетишти.
Ага карабастан Ирактагы АКШлык командалык борбордун башчысы генерал Жон Абизайд ага караштуу аскерлердин вазийпасы Садрды “жок кылуу же туткунга алуу” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG