Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: "СОТТОРДУ ЭЛ ТҮЗ ШАЙЛАГАНДА ГАНА АЛАР ЭРКИН БОЛУШАТ..."


Өткөн жума күнү өлкөнүн Жогорку соту Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арызын карап, бирок алардын талабын канааттандырган жок. Жогорку сот мындай чечимди мыйзамга ылайык кабыл алдыбы? Андай чечим кабыл алууга аткаруу бийлигинин таасири барбы? Мына ушундай маанидеги суроолор менен кабарчыбыз Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековго кайрылган эле.

- Ишенбай Дүйшөмбиевич, Жогорку соттун Аксы каргашасы боюнча чечимин кандай баалап атасыз?

- Бул мыйзамсыз чечим. Мыйзамды одоно бузуу. Экинчиден, саясий ката. Элдин атылганы - факт. Өлгөндөрдүн болгону - факт. Аткан кишилердин аттары аталганы - факт. Алар жоопко тартылыш керек эле. Эгерде азыркы сот бийлиги мыйзамга таянып, адилет чечим чыгара албаса, анда Кыргызстанды адилеттүү, демократиялык мамлекет деп эсептөөгө болбойт.

- Мындай чечимди Жогорку Сот өз алдынча кабыл алдыбы? Же аткаруу бийлигинин таасири мененби?

- Бул жерде аткаруу бийлигинин таасири болсо да, сот бийлигинин өзү акыйкат чечим кабыл ала албаганы Жогорку соттун чолоктугун көрсөтүүдө. Жогорку соттун курамы кимдин сунушу менен түзүлдү? Ал баарына белгилүү. Ошондуктан кандай гана атабайлы - бул бүгүнкү сот системасынын «киллерге» айланганынын белгиси. Журналисттер «киллер» болгондо бир-эки адамга зыян келтирет. А эгерде сот «киллер» болсо Кыргызстандын келечегинин жоктугу. «Киллер» деген бул эмне экени белгилүү, ал - бирөөнүн «заказын» аткарган күч.

- Жогорку сот адилет чечим кабыл алууга жөндөмдүү болуш үчүн кандай реформа, кандай
ыйгарым укук керек?

- Реформанын деле кереги жок. Канчалык чоң реформа жасалбасын аны турмушка ашыра тургандар - адамдар.

- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Кыргызстанга жакында эле жасаган сапары учурунда өлкөнүн жетекчилигин сот системасын, ички иштер министрлигин реформалоодо ири ийгиликтерге жетти деп куттуктады. Бул өңүттөн алганда мындай мактоолор биздеги чыныгы кырдаалга жооп береби?

- Бул жерде бир нерсени айкалыштырып алсак. Кагаз жүзүндө реформа жакшы болушу мүмкүн. Бирок реформаны турмушка ашыра турган адамдар акыйкат менен иштебесе - ал реформа ишке ашпайт. Жоопкерчилик болуш керек. Колунан келбеген, билимсиз, принциби жок адамдар реформаны турмушка ашыра турган орунга отурса - эч натыйжа чыкпайт. Анан тартип коргоо органдарында реформа болду деген туура эмес. Реформа боло эмес, баштала элек. Комиссия түзүлгөн, бирок ал иштей албайт. Анткени ал комиссияга ошол эле прокуратура, ИИМден адамдарды киргизип койгон. Алар кантип өздөрүн - өздөрү өзгөртсүн. Ошондуктан тартип коргоо органдары реформаланды деген туура эмес.
Сот системасы реформаланды деген да туура эмес. Болгону мурунку системаны бузуп, анын ордуна башканы алып келди. Айтор сот системасында өзгөрүү болгон жок.


- Сот системасын аткаруу бийлигинен толук көз каранды кылуу максатында бир катар сунуштар айтылган эле. Анын бир жолу катары жок дегенде Жогорку соттун судьяларын эл тарабынан түз шайлоо, аларды материалдык жактан көз карандысыз кылуу. Мүмкүн ушундай болсо - алар эч жакка кылчактабай, адилет чечим чыгарганга өтөт беле?

- Бул - дүйнөлүк практика. Соттор эл тарабынан түз шайланса гана көз карандысыз болот. Адам кимге жана кандай шартта көз каранды болот? Жумуштан алуу, айлык акысынын өлчөмүн аныктоо мүмкүнчүлүгү бар адамга көз каранды болот. Эгерде айлыгы жетишсиз болсо, эртең жумуштан алынуу коркунучу болсо - кантип көз каранды болбой койо алат? Кантип жумушка коюу, айлык берүү мүмкүнчүлүгү бар тараптын тапшырмасын аткарбай койо алат?
АКШнын сот системасын мисалга алсак, ал жерде Жогорку соттун судьялары өмүрү өткөнгө чейин шайланат. Аларды президент да, конгресс да жумуштан бошото албайт. Ошондуктан алар эч кимдин көзүн карабайт. Биздин Мыйзам чыгаруу жыйынын эле мисалга алсак да болот. Эл тарабынан шайланган депутаттар элдин көзүн карап, элдин кызыкчылыгын коргоодо. Ал эми бийликтин күчү, соттун колу менен келген депутаттар болсо ошол эле бийликке иштеп берип жатат. Ал эми акчанын күчү менен келгендер өзүнүн бизнеси үчүн иштеп жатат. Ошондуктан бизде соттор да эл тарабынан шайланыш керек. Биз андай ишти башташыбыз абзел. Эл даяр эмес деген туура эмес. Эми чети башталууда, Эл өкүлдөр жыйыны сотторду шайлоого макулдук бере баштады. Жаңы келген депутаттар муну тереңдетип, соттордун эл тарабынан түз шайлоонуу системасын киргизсе биз жаңы деңгээлге өтөбүз.


-Маегиңизге ыракмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG