Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

МАКЕДОНИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Македонияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчылыгына төрт талапкер ат салышууда. Шайлоонун жүрүшүнө эларалык уюмдардын үч жүздөн ашуун өкүлдөрү байкоо салып атат. Президент болуш үчүн талапкер биринчи айланпада шайлоочулардын 50 пайыздан көп добушун алууга тийиш.

Өлкөнүн мурдагы президенти Борис Трайковски быйыл 26-февралда авиакырсыктан каза тапкан болчу. Анын орду үчүн таймаш негизинен эки ири партиянын жана өлкөдөгү эки ири улут – македондор менен албандардын ортосунда жүрүп жатат. Азыр бийликте турган Социал-демократтар биримдигинин атынан президенттикке премьер-министр Бранко Црвенковски көрсөтүлдү. Талапкерлер арасынан мамлекет башчысы болуп калууга дал ушул Црвенковскинин мүмкүнчүлүгү чоң деген пикирлер айтылууда. Анын негизги атаандашы белгилүү дарыгер Сашо Кедев. Анын талапкерлигин Македония улутчулдар партиясы жылдырды. Бул экөө тең улуту боюнча македондор.

Эки талапкер тең буга чейинки сөздөрүндө Македониянын мурдагы президенти Борис Трайковскинин улут аралык саясатын мындан ары да улантам, Македонияны Европанын алдыңкы мамлекеттеринин бирине айландырууга күч үрөйм деген окшош убадаларды беришти.

Алсак, премьер-министр Бранко Црвенковски эгер шайлоодо утуп чыкса алды менен өлкөдө туруктуулукту сактоого жана өлкөнү Евробиримдикке кошууга күч үрөй турганын айтты:

– Мага көрсөтүлгөн ишенимди кабыл алам. Анткени буга чейинки тажрыйбама, каалоомо жана үмүтүмө таянып Македониянын бүтүндүгүн сактап калууга жана анын жакшы өнүгүшүн камсыз кылууга кудуретим жетет деп ойлойм. Мен өлкөдөгү улут аралык ынтымакты чыңдоого бүт күчүмдү жумшайм. Мамлекеттик казынаны байытып, башкача айтканда – улут аралык мамиле, өз ара ишеним жана түшүнүшүү аркылуу анын келечегине кам көрөм, - дейт Бранко Црвенковски.

Македондор сыяктуу эле албандар дагы кимди президенттикке көрсөтүү керек деген маселеде бир пикирге келе алышкан жок. Албандардын атынан дагы эки адам мамлекет башчылыгынын ордун көздөп жатышат.

Талапкерлердин мындай көптүгүнөн шайлоо эки айлампага созула тургандай. Эгер экинчи тур болсо албандардын добуштары чечүүчү рол ойнойт. Албандар кимди жактырып, шайласа президенттик кызматка ошол саясатчы келет. 1999-жылы ошондой болгон. Андагы шайлоодо мурдагы Борис Трайковски албандардын колдоосунан кийин бийликке келген эле.

Бүгүнкү шайлоонун кандай нукта өтөөрүнө дүйнө коомчулугу, анын ичинде иралды Евробиримдик назар салып, карап турат. Анткени Македониянын Евробиримдикке келечекте кошула турган ниети бар.

Кеңсеси Скопьеде жайгашкан “Мыйзамдын кудурети” уюмунун өкүлү Жорж Иванов чукул шайлоодо дайыма оор боло турганын айтат:

- Оро-парада өткөн шайлоо кампаниясынан дайыма адаттан тыш нерселерди күтүүгө болот. Эгер шайлоону күнү алдын-ала белгилүү болуп, окуялар күтүлгөндөй нугунда жүрсө - ал анда адаттагы ыкмалар менен өз күнүндө өтө берет. Эми шайлоо капыл-тапылда чукул өтө турган болгондон кийин ал көптөгөн эмоциялар менен коштолуп, курч окуяларга бай болмокчу.

Македониядагы шайлоо алдындагы таймаштар курч болду. Улутчулдар партиясы шайлоонун калыс жана адилет өтүшүн камсыз кылуш үчүн эларалык стандарттарга жооп берген урналарды коюуну талап кылышты. Мындан тышкары, оппозиция шайлоонун жыйынтыктарына Бранко Црвенковскинин премьер-министрлик кызматы өз таасирин тийгизет деген дооматтарын айтышууда. Улутчулдардын мындай талаптарын Црвенковски четке кагып, шайлоого чейин өкмөт башчылык ишин аткарып келди.

XS
SM
MD
LG