Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

ТЕРРОРДУН АЛДЫН КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?


Өзбекстандагы соңку окуялар чөлкөмдөгү саясий жагдайдын опурталдуу чекте тургандыгын көрсөттү. Каршылыктын чыгыш себеби, натыйжасы талдоого алынып, сабактары иликтенүүдө. Оголе көп божомол, жоромолдун чыгышына себеп болгон жагдайлар биртоп. Бирок да алардын ичинен бийлик менен элдин ортосундагы мамиле чоң талашты жаратууда.

Өзбекстандагы соңку окуялар тууралуу маалыматтарды кыргызстандыктардын көбү орусиялык маалымдоо каражаттарынан алышты. Коңшу өлкөлөрдүн ичара маалымат алыш-бериш мамилесинин жоктугунан Ташкен менен Бухарадагы жардыруулар, куралдуу атышуулар тууралуу үзүл-кесил кабарларды кайриет, орусиялык журналисттер жалпыга жарыялап турушту. Мындай кенемтени Өзбекстандагы окуялардын сабактары тууралуу кеп кылгандардын текши баары белгилешти.

Саясат таануу илиминин доктору Аалыбек Акуновдун ырасташынча, бийлик бир кишинин колуна топтолуп обочолонуп алганда элдин нааразылыгы пайда болот:

- Элден обочолонуп бөлүнүп, мыйзамдарды аткарбай, бийликтин үч бутагынын ортосундагы бөлүнүү жокко эсе болуп, бийлик кандайдыр бир жол менен бир эле адамдын колуна топтолуп калган учурда эл тарабынан, атуулдук коом тарабынан, албетте, нааразылык туулат.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев бул көйгөйдүн тамыры бийликтин өкүмзорлугунун күчөп кетишине байланыштуу деп эсептейт:

- Кандай жерден, кандай мамлекеттен террористтик от тутанып атат? Жаш кезинде бу ааламдан өтүп кеткен чыгаан саясатчы Сатыбалды Жээнбековдун шайлоо маалында мындай айткан сөзү бар эле: “Мышыкты деле бурчка такап кыйнай берсе акыры келип ал жолборс болуп кетет” деген. Анын сыңарындай, Өзбекстанда болуп аткан окуялар, террористтик иштердин бардыгы мыйзамченемдүү, акыл-эске сыя турган иш болуп атат. Себеби Өзбекстандын бийлик ээлери, өкүмзарлары карапайым элдин эркиндиги, сөз эркиндиги жана башкаларын айтпай эле койоюн, күнүмдүк тирилигине, жашоосуна шанс калтырган жок. Бул жагынан алганда, “Хизб ут-Тахрир” эле, ислам фундаменталисттеринин иши эле деп динге айыпты тага салып кутулуп кетебиз деши баланын ойнундай болуп атат.

Парламент депутаты Марат Султанов кандайынан келгенде да жаалданган террорчулукту актоого эч кандай негиз жок дейт. Себеп дегенде, кандуу мүшкүл карапайым калктын башына үйүлөт. Каршы туруунун азап-тозогун жөн-жай адам тартат.

- Терроризмден катуу жапа чеккен эл болот. Ошондуктан биз террорчулукту эч качан актабашыбыз керек. Мен ойлоп атам, бийлик дагы ойлонуш керек. Эмне үчүн терроризм келип чыгат, террорчулук кайсы жерден чыгып атат? Террор чыккан жерлер, бул негизинен бийлик элди кысымга алган, эл өз ой-пикирин айта албаган жерлер. Ушундай жерлерден террорчулук чыгып атат.

Кысталыш жагдайдан чыгуунун жолу барып-келип эле бийликтин өзүнө барып такалаарын саясат таануучу Аалыбек Акунов мындайча мүнөздөйт:

- Атуулдук коом менен бийликти бекемдөөнүн негизги жолу – бийлик жана эл тарабынан мыйзамдарды, эрежелерди сактоо.

Депутат Марат Султанов Өзбекстандагы окуялардан чоң сабак алуу керек деп эсептейт:

- Бийлик менен элдин ортосунда кандайдыр бир карым-катнаш болбой калса, анда экөө бөлүнүп калат. Андайда экөө бирин-бири душман көрүп калат.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин пикири:

- Бийлик элдин тынчтыгын кааласа Конституцияда жазылган мыйзамдарды сакташ керек. Исламда белгиленген эрежелерди сакташ керек. Цивилизациялык мамлекеттердин үрп-адатын сактап эл менен камыр-жумур болушу зарыл.
XS
SM
MD
LG