Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

МИҢКУШ ШААРЧАСЫ ЭЛЕКТР КУБАТЫСЫЗ КАЛДЫ


Күмөндер Усупов, Нарын Союз маалында бир катар шаарчалар пайда болгон эле. Мындай шаарчалардын катарына Миңкуш шаарчасы да кирет. Кезегинде СССР ордо калаасы Москванын түз көзөмөлүндө турган бул шаарчанын тургундары учурда электр жарыгы жок күн кечиришүүдө.

Энциклопедиялык китептерди барактап отуруп 1976-жылы Миңкушта 12531 адам жашагандыгын, туура он жылдан кийин - 1986-жылы шаарчада калк 9,3 миң адамды түзгөндүгүн билдик.

Быйыл Миңкушта беш жарым миң эле адам калыптыр. Бул маалыматты шаарча кеңешинин жооптуу кызматкери айтып берди.

Шаарчанын биртоп тургундары Нарынга атайын ат арытып келишип, жыйынга катышышты. Анткени Миңкушта 13-марттан бери электр кубаты үзгүлтүккө учураптыр. Ошондуктан бийлик менен эл баарлашалы деген чечимге келишиптир. Сөз Жумгал районунун акими Тариел Айтбаевде:

- 13-мартта Көкой багытында кар көчкү жүрүп, 148-150-зымкарагайлар жыгылып, ошонун натыйжасында Миңкуш эли - бир айга жакындап калды - электр куубаты жок отурушат. Райондук мамлекеттик администрация, райондук кеңеш, район жетекчилиги бул багытта бир топ аракеттерди жүргүздүк. Бирок али да кемчиликтер болуп атат. Өкмөткө дагы бул багытта биз маселени коюп атабыз.

Жыйында шаарчанын айрым тургундары төмөндөгү маселелерди айтып чыгышты:

- Буга чыдайбыз. Бирок электр жарыгын күйгүзүүнү ылдамдатыш керек.

- Кыштын күнү кичинекей балдардан бери тоонун башынан көмүр көтөрүп түшөбүз. Ал жак көчүп кетет. Мына ушинтип байкемден, анын артынан атамдан да ажырадым. 12 жаштагы баламды да көмүр басып калды.

- Жеке колдон сатып алабыз көмүрдү. Булар бизге көмүр каздырбай атат деп жатышат. Кыш келсе кайра эле күнүбүз түшөт аларга.

- Ошол жерде суу жок калып калдык. Карды ээритип, суу ичип жатабыз. Миңкуш эли аябай чыдамкай эл экен. Чындыгында уранга чыланганыбыздан чыдап атат окшойбуз. Бул жердеги кемчиликтер жаратылыштын кемчилиги, биз ага эч нерсе дей албайбыз. Бирок ошентсе дагы жардам керек Миңкуш элине.

Мындан сырткары коммуналдык тейлөө тармагында иштегендер жети айдан бери айлык акыларын ала электигин, миңкуштуктарга бөлүнгөн Арал айылы тараптагы 5 гектар аянтка курулган үйдүн чыры тууралуу нааразычылыктарын билдиришти.

Жыйынга катышкан губернатор Аскар Салымбеков суроолорго жооп берип:

- Биз өзүбүздүн күчүбүз менен кулаган зымкарагайларды тургуза албай калдык. Чүйдөн жогорку чыңалуудагы электр кубатын өткөрүүчү зымкарагайларды койгон бригада келип, иштей баштады. Шарты өтө оор аймакта экен зымкарагайлар. Эгерде жеңил участка болгондо эбак эле электр кубатын алып калмаксыңар. Чынында эле миңкуштуктар аябай чыдамдуусуңар. Канча жылдап уран кенинде иштедиңер. Аны баарын түшүнөбүз, билебиз. Бир кезде Миңкуш аябай өскөн жер эле. Баардыгыбыз көз артып жүрчүбүз. Дегеле телегейи тегиз эч ким жок экен. Жыргап аткан деле байлар жок, ыйлап аткан деле байлар толтура, - деген пикирин айтты губернатор.

Айтор тоо ашып келген миңкуштуктарга электр качан берилээри так айтылган жок. Ошондой болсо дагы район акими Тариел Айтбаев адистер жакынкы күндө миңкуштуктарды электрлүү кылат деген нийетте:

- Адистердин чукул аранын ичинде убактылуу болсо дагы электр беребиз деген убадаларын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG