Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Бишкек-Торугарт жолундагы жер көчкүнү тазалоо иши жакшы жүрбөй жатат


НАРЫН. Бишкек - Торугарт автожолунда болгон жер көчкү Кызылбел ашуусуна жакын бөлүгүн зыянга учураткан эле. Натыйжада облустун губернаторунун 7-апрелдеги буйругунун негизинде оор жүк ташыган автоунаалар үчүн 15 күнгө Кызылбелден ары-бери каттоого жол жабылган болчу. Бирок Кызылбелден түнкүсүн оор жүк ташыган автоунаалар өтүп жаткандыгы, ушундан улам жолду калыбына келтирүү эч жерде мүмкүн эместигин 13-апрелде жол кызматкери маалымдады. Ал эми губерантордун биринчи орун басары Жыргалбек Азылов оор жүк ташыган автоунаалар жолчулардын ишине тоскоол келтирбеген маалда ары-бери өткөрүлүп жатат жана алар жолду калыбына келтирүүгө зыянын тийгизбейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG