Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Ошто милиция жыйын курду


ОШ. 13-апрель күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кезектеги жалпы жыйыны өткөрүлдү. Жыйында райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларын иретке келтирүү маселеси талкууланды. Бул багытта бюджеттен бир тыйын да каралган эмес. Ага карабастан милиция бөлүмдөрүнө ички резервдердин жана сүрөөнчүлөрдүн эсебинен убактылуу кармоочу жайларды жок дегенде актап, сырдап, как цементтин үстүнө жыгач төшөп, бир сыйра оңдоо жагы тапшырылды. Жыйында белгиленгендей мындан ары милиция кызматкерлеринин мыйзам бузууларына күрөш күчөйт. Үстүбүздөгү жылы Ош облустук милиция кызматкерлеринин ичинен төрт офицер мыйзам бузгандыгы үчүн кызматтан четтетилген. Учурда эки офицердин үстүнөн кылмыш иши козголууда. Ал эми өткөн үч ай ичинде айрыкча мал уурулук күчөө менен бул багыттагы кылмыштардын бети да көбүнесе ачылбай калып жатат деп белгиленди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кезектеги жалпы жыйынында.

XS
SM
MD
LG