Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Мыйзам чыгаруу жыйыны өз алдындагы милдетин президент менен бирге тактамакчы


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны апрель айынын ичинде келээрки парламенттик шайлоого чейин азыркы палата тезинен кабыл алышы керек болгон мыйзамдардын тизмесин аныктайт. Мындай маалымат бүгүн палатанын сот, укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаровдон алдынды. Анын билдирүүсүнө караганда, маселени талкуулоого президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана башка бийлик бутактарынын жетекчилери чакырылат. Анда президент Аскар Акаевдин парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча 31-марттагы кайрылуусунда айтылган сын-пикирге өбөлгө болгон жагдайлар да такталат.

XS
SM
MD
LG