Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

«Рентонгрупптун» маселеси боюнча парламентте сөз болот


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберген атуулдардын арызы боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын маалыматын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул айда угат. Мындай кабар бүгүн палата депутаты Акбөкөн Таштанбековдон алынды. Анын маалыматына караганда, палата өткөн жылдын декабрь айында «Рентонгрупп» компаниясына 300 миллион сомун алдатып жиберген атуулдарга каражатын кайтарып берүү жагдайын көзөмөлдөө милдетин өлкө президентине тапшырган. Ал чечимге ылайык өкмөттүк комиссия түзүлүп, жыйынтыгын апрель айында билдирүү мөөнөтү коюлган. Ал эми акчасын алдаткан атуулдардын төрайымы Татьяна Дагазиевадан алынган маалыматка караганда, өкмөттүк комиссиянын төрагасы үч айдын ичинде үч жолу алмашып, иликтөө жүргүзүлгөн жок. Ушундан улам аманатчылар 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкканы жатышат.

XS
SM
MD
LG