БИШКЕК. 20-апрелде Жапония өкмөтүнүн чакыруусу менен президент Аскар Акаев Токиого барат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер минситрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Сапар учурунда Аскар Акаев Жапониянын императору Акихито жана премьер-министри Дзюитиро Коудзими менен жолугушат. Бийлик өкүлдөрү менен болуучу жолугушууда эки тараптуу саясий-экономикалык кызматташтык, соода тармагындагы байланышты жандандыруу, инвестиция жаатындагы маселелер каралышы күтүлүүдө. Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстандын Жапониядагы элчилигин ачуу аземине катышат. Президенттин сапары 23-апрелде аяктайт.