Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

Дин кызматкерлерине саясий үгүт жүргүзүүгө чек коюлду


БИШКЕК. Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинин мечиттерди, медреселерди үгүт иштерине пайдаланууга жана молдо, имамдардын иш маалында саясий үгүт иштерине катышуусуна тыюу салган токтому сөзсүз аткарылат. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстан мусулмандары башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, уламалар кеңеши аталган токтомду өткөн жылдын октябрь айында кабыл алган. Бирок ал коомчулуктун көңүлүн азыр гана бурууда жана буга келээрки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоо өз таасирин тийгизүүдө. Мураталы ажы Жумановдун айтымында, мындан ары айыл, шаарларда мечит, медреселерди салып, аны өзүнө саясий упай топтоого пайдалануу аракеттерине да тыюу салынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG