Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

«ПИРАМИДА» СЫНАЛГЫ КАНАЛЫ ОБОГО САЯСИЙ СЕБЕПТЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ ЧЫКПАЙ КАЛДЫБЫ?


«Пирамида» сыналгы каналы 17-марттан бери метрдик диапозондо эфирге чыкпай калды. Алгач бул техникалык себептерге байланыштуу болгон окуя катары бааланган. Бирок, сыналгы каналдын башкы редактору Элина Чернявская «тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, биздин каналдын иштешине мүмкүндүк берилбей жатышында саясий себептер байкалууда» деген санааркаган пикирин бүгүн «Азаттыкка» билдирди.

«Пирамида» каналынын толкунун таратуучу мамлекеттик сыналгы мунарадагы тетик 17-мартта күйүп кеткен. Бирок анын оңдолгонуна эки жума болду. «Ошого карабастан, биздин каналдын метрдик диапозондо, өзүнүн демейдеги толкунунда обого чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилбей жатат» -деп билдирди бүгүн «Пирамида» сыналгы каналынын башкы редактору Элина Чернявская. Анын айтымында, «Кыргызтелекомдун» телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиожыштык магистралдары КООРТ сыналгы каналынын берүүлөрүнө жолтоо болуп жатат деген себеп менен «Пирамиданын» толкунунун таратылышын токтотуп койгон:

- Алар биздин берүүлөрүбүз чагылышып, КООРТко берилген сигналдардын сапатын бузуп жатат деп билдирүүдө.

Бирок, расмий бийликтин өкүлдөрү «Пирамида» телеканалы техникалык себептерге байланыштуу гана метрдик диапозондо чыкпай жатканын билдирүүдө.

«Алгачкы учурда биз дагы ошондой ойдо элек. Бирок, бузулган тетикти жаңы жабдуу менен алмаштырганыбызга карабастан, өз толкунубузда чыгууга мүмкүнчүлүк берилбей жатышы - бул иште саясий себептер бар экенин айгинелей баштады» деген Элина Чернявская «Азаттыктын» кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:

- Азыркы учурда, менин оюмча саясий мамиле байкала баштады. Эгерде саясат болбогондо, бийлик биз менен КООРТтун сүйлөшүүсүн уюштурууга жардам берип, жалпы тил таап, мурдагыдай иштешибизге кызыкдар болмок. Бирок андай нерсе байкалбай турат.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук уюмдар жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Кабай Карабеков «Пирамида» сыналгы каналынын айланасындагы кырдаал комитетте кийинки жумада каралаарын билдирди:

- Биз дүйшөмбү күнү комитеттин бул маселе боюнча жыйынын өткөрөбүз.

Анын айтымында, «Пирамида» сыналгы каналы алып келип койгон тетик мурункудан башкача болгондуктан, башка каналдардын ишине тоскоолдук кылып жатат деген маалымат бар, анын чындыгын текшерип-экспертизадан өткөрүү тууралуу чечим комитет жыйынында кабыл алынышы ыктымал.

«Пирамида» сыналгы каналынын өкүлү болсо Казакстан менен Орусиядан адистерди чакырып, тийиштүү экспертизалык иштерди өткөрүүгө даяр экендиктерин, бирок мамлекеттик сыналгы мунарада андай ишти жүргүзүү татаалдыгын билдирди.

Ал эми Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиожыштык магистралдары 26-апрелде сыналгы мунарада профилактикалык оңдоп-түзөө иштерин жасамакчы. «Эгерде анда баары жайында болсо, биздин каналды мурунку толкунда берүүгө убада кылышууда» дейт Элина Чернявская.

«Пирамида» сыналгы каналы 1991-жылдан бери иштеп келатат. Бул каналдын «Биздин убакыт» деген программасындагы түз эфирде берилчү теледебаттарга бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү тартылып, анда өлкөдөгү бардык оң-терс көрүнүштөр боюнча курч талкуулар болот. Маалым болгондой, өлкөдөгү башка сыналгы каналдар оппозиция өкүлдөрүн мындай теледебаттарга чакырбайт. Алардын андай программасы да жок.

«Пирамида» сыналгы каналы метрдик диапозондогу берүүсүн буга чейин Бишкек шаарына, Чүй, Ош, Жалалабад жана Ысыккөл облустарына көрсөтүп келаткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG