Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Кыргызстанда коррупция күчтүү


БИШКЕК. Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 133 өлкөнүн ичинен 118 орунду ээледи. Мындай маалыматты дүйнөдөгү коррупцияны иликтеген Transparensy International эл аралык уюму жылдык докладында маалымдады. Уюмдун иликтөөсү боюнча коррупция Кыргызстандын саясатчылары менен мамлекеттик кызматкерлери арасында абдан катуу күч алган. Ал эми КМШдагы мамлекеттердин ичинен Орусия 86-орунду, Армения 78чи,Казакстан жүзүнчү,Азербайжан 124-орунду ээледи. Корррупция деңгээли 10 баллдык ченем менен өлчөнүп, иликтөөгө алынган өлкөлөрдүн 70 процентинде коррупциянын деңгээли 5 баллдык ченемге да жетпеси аныкталган.

XS
SM
MD
LG