Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:01

Фаллужага чукул жерде америкалык вертолет кырсыкка учурады


Жабыркагандар тууралуу эч кандай маалымат айтылган жок. Айрым кабарларда кырсык болгон жерде атышуулар болгону айтылууда. Ушул эле күнү Багдадда шийит козголоңчуларынын башчысы имам ас-Садрдын жардамчысы Хазем ал-Аражи кармалды, бирок бир нече сааттан соң койо берилди. Ал өзү Багдадга интервью бергени жана жергиликтүү ирак жетекчилери менен пресс-конференцияга катышканы келгенин, жыйын аяктаган соң аны кармап, аэропортко алып барышканын, бирок кийин жаңылыштык кетирилгенин айтып, койо беришкенин ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG