Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

АРМЕНИЯДА ОППОЗИЦИЯ НААРАЗЫЛЫГЫ КҮЧ МЕНЕН БАСЫЛДЫ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Президент Роберт Кочеряндын кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияны бийлик дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү суу бүрккүчтөрдү пайдалануу аркылуу, күч менен басты. Акция уюштургандардын айрымдары камакка алынды. Мындай аракеттерди демонстранттар бийликтин кыянаттыгы жана көз бойомочулугу катары баалашты.

Роберт Кочеряндын президенттиктен кетишин талап кылган Ереванда маал-маалы менен өтүп жаткан массалык акциялар акыркы төрт күндүн аралыгында курчуп кеткен. Массалык акцияга өсүп чыккан нааразылыкка Кочеряндын президенттик кызматынын легитимдүүлүгүн аныктоо демилгесинин парламентте колдоо таппай калышы себеп болду.

“Улуттук Биримдик”, “Акыйкат”, “Республика” өңдүү оппозициялык партиялардын өткөн жылкы президенттик шайлоо бурмаланды, мыйзамсыз болду деген бүтүмүн Конституциялык сот да жокко чыгарып, референдум өткөрүү сунушун негизсиз деп эсептеди. Элдин социалдык абалынын начардыгын, жумушсуздуктун күчөп жаткандыгын негиз кылган оппозиция күрөштү көпчүлүк менен бирге жүргүзүү аракетине өткөн.

Талдоочулар өз кезегинде оппозициянын бул дымагын Грузиянын "жибек ыңкылабына" окшоштуруп жатышкан. Ал эми президент Роберт Кочерян буга чейинки билдирүүлөрүнүн биринде, "саясий экстремизмди четтетүүнүн мыйзамдуу жолдору жетиштүү” деп белгилеген.

10 миңдеген эл катышып жаткан демонстрацияны таркатуу аракетин бийлик дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү баштады. Бул окуя парламент, АКШ баштаган элчиликтердин имараттары жайгашкан Баграмиан көчөсүндө болду. Күч кызматчылары суу бүрккүч, союл жана башка эт оорутуучу куралдарды пайдаланышты. Тополоңго түшкөн эл алардын аракеттерине каршы “Биз кишибиз да… Эмне кылып атасыңар?” деген өңдүү каяша менен туш-тарапка качууга аргасыз болушту.

“Азаттыктын” Еревандагы кабарчысы Храк Меркамиан бул көрүнүштү минтип сүйрөттөйт:

- Эл башаламан болуп, маршал Баграмиандан (борбордук чоң көчө - авт.) кача башташты. Полиция суу бүрккүч куралдарды пайдаланышты. Андан кийин алар парламенттин алдына тартылган тикенек зымды алып салып, демонстранттарды кубалоого өтүштү.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Саят Шириняндын жергиликтүү телеберүүдө билдиргенине караганда, күч колдонгонго чейин бийлик демонстранттарга чара көрүлөөрүн эскерткен:

- Алардын мыйзамсыз аракеттерине каршы тийешелүү чаралар колдонулаары бир нече ирет эскертилген. Ошого карабай мыйзамга каршы аракеттерин узак убакыт бою жүргүзүштү. Бул эскертүүгө тескерисинче, полицияга катылуу аркылуу жооп беришти.

Шириняндын айтымында, нааразы тарап полицияны таш менен ургулап, ырасмий бийликти кулатуу максатындагы чакырыктарды жасашкан. Бирок мындай билдирүүнү акциянын катышуучулары жалганга чыгарышууда. Демонстрацияга катышкан бир аялдын айтымында, полиция чабуулду капыстан жасады:

- Суу чачкычтар жаныбызга келип, суу чача баштады. Ыргытылган гранттардын жарылганын укканда биз ызы-чуу болуп, кача баштадык. Алар биздин аркабыздан таяк менен кубалашты.

Ал эми Улуттук биримдик партиясынын башчысы Арташес Гехамиандин ою боюнча бийлик башаламандыкты атайын уюштурду:

- Эл ичинде башаламандык атайын ойлонуштурулуп жасалды. Полиция таяк менен аял-эркек, кары-жашын ылгабай сабай баштады. Мен аларга барып: “Мен - Гехамианмын, мени ургула” дедим. Таңгалыштуусу - мени опуза кылып, анан койо берип коюшту.

Күч бийлигинин элди таратуу аракетинин учурунда тилекке жараша, зыянга учурагандар болгон жок. Мамлекеттик телеберүү полиция кызматчыларынын жабыркаганы тууралуу малымдады. Ал эми эркин маалымат каражаттарынын жазышынча, нааразы тараптан 16 адам ооруканага жаткырылды. Камакка алынгандарга байланыштуу билдирүү таратыла элек.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Акыйкат” партиясынын башчысы Степан Демирчияндын түнкү окуяга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүү аракетине полиция макулдук берген жок.

Биримдик партиясынын башчысы Арташес Гехамиан “Азаттыктын” Еревандагы бюросуна берген интервьюсунда “бийликтин мындай аракеттери оппозицияны коркута албайт” деп билдирди жана акыркы окуяны Кочеряндын кызматтан кетиш зарылдыгынын дагы бир далили катары сыпаттады. Ал эми ырасмий бийлик болсо бул аралыкта Еревандын борбордук көчөсүндөгү түнкү окуянын изин суутуп, көчөлөрдү тазалап койду.

XS
SM
MD
LG