Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

ИРАКТА ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ БАРЫМТАГА АЛУУ УЛАНЫП ЖАТАТ


Өткөн аптада ири салгылашуулар болгон Фаллужа менен Нажаф шаарларында бүгүн абал салыштырмалуу тынч деп кабарланууда. Куралчан топтор тарабынан барымтага алынып же дайынсыз жоголгон чет элдиктердин саны болсо көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, кечээ кечинде уурдалып кеткен орусиялык жана украиналык атуулдар бүгүн түшкө маал койо берилди.

Фаллужада АКШ аскерлери менен козголоңчулар ортосундагы жарашуунун мөөнөтү улантылып, шаардагы абал салыштырмалуу тынч деп маалымдалууда. Нажафта болсо радикал шийилердин лидери Муктада Садрдын согушкерлери ыйык калаанын айрым жерлеринен чыгарыла баштады.

Бүгүн Ирактын Ислам партиясынын лидерлеринин бири Фуад Рави америкалык аскерлер Фаллужадагы айрым турумдарынан чегинүүдө деп, муну оң жышаана катары баалады. Арийне АКШлык расмий өкүлдөр мындай билдирүүнү төгүнгө чыгарышты. Генерал Марк Киммит эч кандай чегинүү жөнүндө кабардар эместигин маалымдады.

Анын аралыгында, дайынсыз жоголуп же ар кандай топтор тарабынан барымтага алынган чет элдиктердин саны улам өсүүдө. Соңку кабарларга ылайык, кечээ кечинде украиналык 5 жана орусиялык 3 киши үйлөрүнөн уурдалып кетип, бирок бүгүн койо берилди. Сегизи тең “Интерэнергосервис” компаниясынын кызматкерлери.

Чехиянын Ирактагы элчилиги кечээтен бери үч журналисттен дайын жок деп билдирди. Чех теле жана радиосунун кызматкерлери, болжолу менен, Иорданияга бараткан жолунан уурдалып кеткен. Бирок Чехиянын Багдаддагы элчиси Мартин Клепетко бүгүн “Азаттыкка” билдиргендей, азырынча так маалымат жок:

- Бир да кабар тастыктала элек. Журналисттер барымтага алынып, алынбаганын билбейбиз. Ошондой болгон күндө, алар кимдердин колунда жана барымтачылар кандай шарт коюп жатканы белгисиз.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Конг Куан бүгүн Бээжинде өткөн пресс-конференцияда кытайлык 7 кишинин бошотулушу жөнүндөгү кабарды бышыктады:

- Бүгүн эртең менен кытайлык жарандар кое берилди. Биз буга абдан ыраазыбыз. Кытай Ирак маселеси БУУнун алкагында чечилүүгө тийиш деген турумда кала берүүдө. Ирактагы азыркы кырдаал жана чет өлкөлүк атуулдардын тагдыры бизди абдан тынчсыздандырууда. Алар да биздин мекендештерибиз сыңары эле жакын арада бошотулат деген үмүттөбүз.

Кытайдын Багдаддагы элчилигинин дипломаты болсо куралчан топ кытайлыктарды коалицияга кирген түштүк кореялык же жапониялык атуулдар деп жаңылышып, барымтага алышкан деп жоромолдойт.

Кечээ Токионун өкүлү жапониялык үч кишини бошотуу аракетинен майнап чыкпай жатканын маалымдаган. Бүгүн да алардын тагдырына байланыштуу кабар түшө элек.

Жапониянын императору Акихито шейшембиде АКШнын вице-президенти Дик Чейни менен жолугушуусу маалында барымтагыларды тезирээк бошотуп алууга чакырды.

Вашингтондун өкүлү болсо жапон өкмөт башчысы Коидзуминин барымта кризисиндеги чечкиндүүлүгүн жогору баалады:

- Премьер-министрдин позициясы абдан туура деп эсептейм. Биздин өкмөттөр ушундай иштерге барып жаткандардын коркутууларына моюн сунбай, террористтерге саясатыбызды өзгөрттүрүүгө мүмкүнчүлүк бербеши зарыл.

Эсиңиздерге сала кетели, өткөн аптада жапониялык эки аскерий эмес кызматкер жана бир фотокабарчы барымтага алынган эле. Аларды бошотуу шарты катары куралчан топ Жапон аскерлеринин Ирактан чыгарылып кетишин талап кылган болчу. Буга Коидзуми “жапониялык 550 жоокер Иракта кала берет” деп жооп берди.

Барымтадагылардын арасында америкалык атуулдар да бар. АКШ армиясынын генералы Рикардо Санчес кечээ берген маалыматка караганда, ушу тапта 2 аскер жана “Келлог Браун” фирмасынын 7 кызматкери дайынсыз жоголууда.

XS
SM
MD
LG