Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

ФРИДОМ ХАУСТУН ИЛИКТӨӨСҮ, ХРИСТИАНДАРДЫН МАЙРАМЫ, МАНАСТЫН КӨРКӨМ ТАСМАДАГЫ ЭЛЕСИ


АКШдагы Фридом хаус уюму ушул жылдын 6-апрелинде “Ара жолдогу өлкөлөр” деген аталыштагы жаңы иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыя кылды. Анда Кыргызстанда башында дурус башталган демократиялык реформалар артына кетип, жеке бийликтин деми сезиле баштаганы айтылган. Кыргызстандагы христиандар ыйык пасха майрамын белгилешти. Кытайлыктардын көмөгү менен “Манас” эпосу боюнча көркөм тасма тартылганы жатат. Кыргыз басылмаларында ушул темалар чагылдырылып жатат.

“Башкасын коюп “Манасты” айт” дегендей, шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити кытайлык “Жун-Кун” инвестициялык корпорациясы Кыргызстандын улуттук телерадиокорпорациясы менен биргелешип “Манас” дастанын 20 сериядан турган көркөм фильмге айлантуу аракетине киришкенин маалымдады.

Гезиттин ырасташынча “ушул тапта болочок экрандык чыгарманын сценардык фабуласы кыргыз жана кытай сценаристтери тарабынан толук жазылып бүтүп, фильм ушул жылдын жай айларынан баштап тартыла баштайт. Эки жылдын ичинде толугу менен экрандаштырылышы пландаштырылган”.

Жаңы тасманы тартуудагы максат – Ысыккөлгө туристтерди кызыктыруу. ““Манас” эпосу боюнча тартылчу болочок фильмге дүйнөлүк туристтердин Кыргызстанга, анын ичинде Ысыккөлгө кызыктыра турган рекламалык милдети да жүктөлүп, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошмокчу” деп жазат гезит.

Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан Фридом хаус уюму өткөөл мезгилдин өктөм шарданына туш келген өлкөлөрдүн саясий абалын чагылдырган иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыя кылганын “Республика” гезити маалымдады. Иликтөөдө Кыргызстандын азыркы бийлигинин иш-аракети кыйла сынчыл маанайда сыпатталган. Кыргызстанга да жеке бийликтин эпкини тийип, жанындагы коңшу өлкөлөрүнүн кейпине түшүүдө. Бийликтин жазалоосу бул жерде Өзбекстан, Түркмөнстандагыдай деңгээлге жетпегени менен президент А.Акаев башкарган өлкөдө атуулдук жана саясий укуктар көп бузулат. А.Акаевдин режими 2003-жылдан тарта катаал авторитардык бийликке ооду. Аксыда жөө жүрүшкө чыккан адамдарга каршы ок аткан күнөөкөрлөр акталышты. Оппозициянын ырасташынча, кишилерге каршы ок атуу буйругун президент администрациясынын жооптуу кызматкерлери бериши мүмкүн, деп айтылат Фридом хаус жарыя кылган иликтөө жыйынтыгында.

Басылмада Замира Сыдыкованын “Бишкекте апта кур эмес киши өлтүрүү” деген макаласына да орун берилген. Республикада кылмыштуулук күчөгөндөн күчөп баратат. Милиция кызматы сатылат. Ички иштер органдарынын “майталкан” орундары катары паспорт столу, мамлекеттик автоинспекция эсептелет деп жазат макала автору.

Иса пайгамбардын тирилип келишин белгилеген христиандардын ыйык пасха майрамы өткөн жекшембиде белгиленгенин “МСН” гезити жазды. Басылманын шейшембидеги санында “Сот өкүмзорлукту актады, атылгандардын жакындарын сабырдуу болууга чакырды” деген аталышта макала жарыяланды. Анда Аксы окуясында жабыр тарткандардын аппеляциялык арызын караган Жогорку сот республикалык аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтыргандыгы баяндалган.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш максатында дыйкандар 1 миллион 200 миң тонна буудай өстүрүшү керек. Ал үчүн жаздык эгин аянтын дагы 465 миң гектирге көбөйтүү зарыл, деп маалымдайт шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити.

“Кош тилдүүлүктү колдойбуз” деген аталышта шейшембидеги “Эркинтоо” гезити макала жарыялады. “Президентке тил маселеси зарыл деле эмес, - деп жазат Кыргызстан эли ассамблеясынын мүчөсү Эрке Баялы кызы. - Президенттин бул демилгесин эч токтоосуз колдоп беришибиз керек, себеби кыргызга керек нерсе. Талкууга алып, ар кимдин ой жыйынтыгын угуунун да кажети жок”.
XS
SM
MD
LG