Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

КАВКАЗ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ САЯСИЙ ОКУЯЛАР БОРБОР АЗИЯДА КАЙТАЛАНАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку эки аптадан бери Арменияда болуп жаткан нааразылык акциялар Кыргызстандык саясатчыларды кайдыгер калтырган жок. Айрым саясатчылар учурда жалпы постсоветтик өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык абал окшош экендигин, келечекте боло турган шайлоолордо аткаруу бийлиги мыйзам бузууларга барса, Грузия, Армениядагыдай окуялар Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда да кайталанаарын айтышууда. Мындай пикирге айрым саясатчылар макул эмес.

Соңку эки жылдын аралыгында постсоветтик өлкөлөрдө бир катар олуттуу саясий окуялар болду. Алсак, Азербайжанда бийлик атасынан баласына жасалма жолдор менен өткөрүлүп берилсе, Грузияда оппозиция өкүлдөрү күрөшүп жатып жеңишке жетишти. Мындан бир нече күн илгери Литва парламенти көпчүлүк добуш менен өлкө жетекчисине ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, мамлекет башчысын бийликтен кетирүүгө мажбур кылды.

Айрым байкоочулардын пикиринде, жалпысынан Балтика боюндагы өлкөлөр менен Борбор Азия жана Кавказдагы саясий-экономикалык кырдаалды салыштырууга болбойт. Анткени Балтика мамлекеттери Батышка жакын жана бул өлкөлөрдөгү элдин жашоосу Борбор Азия, Кавказдагы республикаларга салыштырганда бир кыйла жогору. Бул өңүттөн алганда учурда Кавказда түзүлгөн саясий-экономикалык кырдаалга, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абал көп жагынан окшош. Эгерде аткаруу бийлиги болочок шайлоолордо мыйзам бузууларга барса, Армения, Грузиядагыдай окуялар Кыргызстанда да кайталанышы ыктымал дешет талдоочулар. Бул тууралуу «Эл мурас» партиясынын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаеванын пикири төмөндөгүчө:

- Бизде да күтүлбөгөн саясий окуялар болуп кетиши мүмкүн. Эгерде келечектеги шайлоолордо мыйзам бузууларга жол берилсе, анда башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар кайталанышы ыктымал. Ошондуктан биз бул шайлоолордо мыйзам бузууларга барбай, мыйзамдуулукту камсыз кылышыбыз керек.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун пикиринде, Кавказ өлкөлөрүндө болгон саясий окуялар Кыргызстанга да таасирин тийгизет:

- Биз жер-жерлерди кыдырып жатканда тээ алыскы тоолуу айылдардын жашоочулары деле Грузиядагы окуялар тууралуу жакшы биле тургандыгын айтышты. Бул чынында жакшы көрүнүш эмес. Бирок коңшу өлкөлөрдө болгон саясий окуялар «бийлик каалаганын жасай берет, элдин колунан эч нерсе келбейт» деген сөздү биротоло жокко чыгарды.

Белгилей кетүүчү нерсе, Армения оппозициясы ал өлкөдө буга чейин өткөрүлгөн прзезиденттик шайлоо мыйзамсыз болгонун билдиришип, президент Роберт Кочерянга ишеним көрсөтүү маселеси тууралуу референдум өткөрүүнү талап кылышууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Айдарбек Керимкуловдун пикиринде, мындан бир нече жыл илгери өткөн саясий окуяны кайрадан көтөрүү туура эмес:

- Ушуга окшогон аракеттерге баруунун кереги барбы же жокпу, аны ошол өлкөнүн эли чечет дечи. Экинчиден ушуга окшогон маселелерди убакыт өтүп кеткенден кийин кайра көтөрүү туура эмес жана ал жакшылыкка алып келбейт.

Ал эми «ЭрК» партиясынын жетекчиси Бектур Асановдун пикиринде, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү саясий-экономикалык кырдаал окшош жана Грузиядагы бийлик алмашууга тескерисинче Аксы окуясындагы жөө жүрүш өз таасирин тийгизди:

- Бул өлкөлөрдөгү саясий экономикалык кырдаал окшош. Ал өлкөлөрдө да биздегидей эле жеке бийлик өкүм сүрүп, коррупция күчөп, эл жакыр абалда. Ошол эле мезгилде грузин саясатчылары айткандай, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндөгү окуялар бири бирине чоң таасир тийгизет. Мисалы, грузин саясатчылары өздөрү «биз силерден кийин борборго жүрүш жасоону үйрөндүк» деп айтышты. Азыр Армениянын айылдарынан өлкө борборуна жүрүш болуп жатат. Бул Кыргызстанда 2002-жылы болгон Аксы, Каракулжа, Өзгөн жүрүштөрүн элестетет.

XS
SM
MD
LG