Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

АКШ: Башкы прокурор Ж. Эшкрофт күнөөнү кимге артты?


Кошмо Штаттардын башкы прокурору Жон Эшкрофт кечээ көз карандысыз өкмөттүк комиссия алдында сүйлөп, мурдакы президент Билл Клинтондун администрациясын улуттук коргонууну 8 жыл бою алсыратып жиберди деп күнөөлөдү.
Федералдык чалгындоо бюросу-ФЧБ, Эшкрофттун сөзүнчө, “өкмөттүк чектөөлөрдүн кесепетинен негизги маалыматка жана технологияга ачка” болгон.

ФЧБнын мурдакы башчысы Луис Фри бул угууда 2001-жылдын 11-сентябрындагы 3 миңдей адамдын өмүрүн алган чабуулдардын алдында кеңири антитеррордук өнөктүк үчүн жетээрлик каражат болбогонун айтты.

- ФЧБга, сиздерге маалым, 11-сентябрдын алдында өкмөттүн антитеррордук бюджетинин 3, 5 проценти таандык болгон. Бул узак, узак жылдар бою эч ким үчүн жаңылык эмес болчу. Сиздердин аткаруучу директор эсептеп чыккандай, 11-сентябрь алдындагы чамалуу каражат менен бийлик укугу ФЧБнын ишмердүүлүгүн түздөн түз чектеп турду.

2001-жылдын июнь айында кызматтан кеткен Луис Фри 11-сентябрга дейре терроризм улуттук маанилүү маселе болбогонун жана 2000-жылкы президенттик шайлоо учурунда талкууланбаганын билдирди.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG