Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ирактагы кырдаал БУУнун башкы катчысын этияттандырды


Америкалык күчтөр менен суннит адаватчыларынын Фаллужа шаарындагы убактылуу ок атышпоо келишими шейшемби күнү бузулду. Кечээки кагылышууда АКШлык деңиз аскери жана ирактык тогуз жаран курман болду. Эрегишчилер америкалык тикучарды атып түшүрдү.
Фаллужа шаардык оорууканасына жарадар болгон 38 киши, анын ичинде үч аял жана төрт бала алып келингенин жергиликтүү дарыгер маалымдады.
Салгылашуулардан улам америкалык аскерлерге каруу-жарак ташыган айрым кербендер жолго чыкпай калганын АКШ армиясы билдирди.

АКШлык 2,5 миңдей аскер шийилердин ыйык шаары Нажафтын четине чогулуп, радикалдуу диниятчы Моктада ас-Садр жана анын желдеттерине каршы чабуулга камданууда.
Ас-Садр, Ливандын “ал-Манар” телевидениесинин билдиришинче, АКШнын Ирактагы баскынчылыгына каршы “элдик согушун” токтотпойт.
Айрым байкоочулардын айтымында, көпчүлүк ирактыктар Нажафка кол салынса, аны алардын ыйык жайын булгоо катары баалашы мүмкүн.

Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан кырдаал оорлоп кеткенге байланыштуу ал уюмдун жоон топ адистерин Иракка жөнөтө албасын билдирди:

- Ирактагы коопсуздук жакынкы келечекте биз үчүн чоң тоскоолдук болот. Мен азыр Улуттар Уюмунун чоң тобу Иракка жөнөтүлөт деп айта албайм.

Бул топ 30-июнда бийликтикти ирактыктарга өткөрүп берүүгө жана келерки жылы болчу жалпы элдик шайлоого даярданууга жардамдашмак.

Адамдарды барымтага алуу Иракта чоң проблемага айланды. Коалициялык күчтөрдүн өкүлү Дон Сенор кечээ билдиргенге караганда, ирактык эрегишчилердин колунда азыр 12 өлкөнүн 40 жараны кармалууда. Алардын ичинде француз фотографы да бар.

Шейшемби күнү АКШлык ширкетти күзөткөн италиялык 4 жарандын уурдалганын “ал-Жазира” телеканалы кабарлады.

XS
SM
MD
LG