Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

2001-ЖЫЛДЫН 11-СЕНТЯБРЫНДАГЫ ТЕРРАКТ ҮЧҮН ФЕДЕРАЛДЫК ИЛИКТӨӨ БЮРОСУ КАТУУ СЫНГА КАБЫЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу АКШдагы террордук чабуулдарды алдын алалган эмес деп катуу сынга алынууда. Анын мурдагы жетекчиси Луис Фри 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларды иликтеген көзкарандысыз комиссиянын алдында шейшембиде берген көрсөтмөсүндө бюро акчанын тартыштыгынан улам террорго каршы жигердүү күрөшө албай келген деп билдирди.

Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы жетекчиси Луис Фри 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдарды алдын алууга обьективдүү себептер тоскоол болгон деп билдирди. 13-апрелде көз карандысыз комиссиянын алдында берген көрсөтмөсүндө Луис Фри акчанын тартыштыгы жана мыйзамдардагы кемчиликтер “ал-Каидага” каршы масштабдуу күрөш жүргүзүүгө тоскоол болгон деп айтты.

Андан ары Фри АКШ президентинин коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Ричард Кларктын “террорго каршы күрөш маселесине Кошмо Штаттардын жетекчилиги жетиштүү көңүл бурбай келген” деген ойуна үндөш пикирин ортого салды.

– 2000-жылдагы президенттик шайлоодо да терроризм тууралуу сөз болгон эмес. Ал убакта талапкерлер террорчулукту Америка элин тынчсыздандырган көйгөй катары карап, маселе көтөрүшкөн эмес эле. Террорчулукка каршы күрөштүн зарылдыгын 2000-жылдын октябрында АКШнын кемесине Йеменде болгон кол салуу да көрсөткөн, - деди Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы жетекчиси Луис Фри.

13-апрель күнү эртең менен көзкарандысыз комиссия 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялар боюнча алгачкы докладын жарыялады. Анда чалгын кызматтарынын чабалдыгынан улам, акчанын аздыгынан жана бюрократиянын күчтүүлүгүнөн Федералдык иликтөө бюросу террорго каршы жакшы күрөшпөй келген деген сын айтылган.

Мындай пикирди Кошмо Штаттардын юстиция министри Жон Ашкрофт да көзкарандысыз комиссиянын суроолоруна берген жообунда билдирди. Анын айтымында, АКШ үчүн 11-сентябрдагы чабуулдар өкмөт ондогон жылдар бою террорго каршы күрөшкө жетиштүү көңүл бөлбөй келгенден улам жасалган.

Жон Ашкрофтун сөзү түз эфирде көрсөтүлдү. Юстиция министри өз көрсөтмөсүндө ал кызматка киришкенден кийин дароо эле Усама бен Ладенди тирүүлөй кармоого көрсөтмө бергенин айтты. Ашкрофт сот системасы менен чалгын кызматтарынын ортосундагы ажырымды пайда кылган мыйзамдык кемчиликтерди да белгиледи. “Эгерде биздин агенттер бен Ладендин лагерине кирип барган күндө да аны камакка алыш үчүн бир армия юристтердин уруксатын алыш керек элк” деди Жон Ашкрофт.

Өткөн аптанын соңунда чалгын кызматтарынын 11-сентябрга чейинки “ал-Каиданын” АКШ аймагындагы ыктымал чабуулдарына байланыштуу өлкө жетекчилигине жазган жашыруун маалыматтары жарыяланды. Анда Усама бен Ладен АКШга каршы чабуул уюштурам деп кезенип жатканы айтылганы менен, террордук актылар качан жана кайсы жерде жасалаары тууралуу так маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Көзкарандысыз комиссиянын алдында берген көрсөтмөсүндө Американын мурдагы баш прокурору Жанет Рено Федералдык иликтөө бюросунун ишин террорго каршы күрөшкө бурууга аракет кылгам деп билдирди:

– Бюронун шаабайын сууткан бир маселе – бюронун колунда кимдир-бирөөнүн үстүнөн маалымат топтогон күндө да аны эч ким менен бөлүшө албайт. Буга атуулдук бийлик уруксат бербейт.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун тушунда 8 жыл бою өлкөнүн башпрокурору болуп иштеген Жанет Ренонун айтымында, 2000-жылы Кошмо Штаттардын бийлиги ири терракттын алдын алып калган.
XS
SM
MD
LG