Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Ысыккөл облусунда жугуштуу бруцеллез оорусу кескин өсүүдө


КАРАКОЛ. Дарыгерлердин тастыктаган маалыматтарына караганда, акыркы жылдарда облуста эпизоотиялык жана эпидемиологиялык оор абал түзүлүүдө. Мындай кырдаал жугуштуу бруцеллез менен жабыр таркан адамдардын санынын кескин көбөйүшүнө байланыштуу болууда. Маселен өткөн жылы бул илдетке чалдыккан 297 адам дарыланган. Облус боюнча 166 калктуу пункт болсо сексен алтысыннан бруцеллез оорусунун белгилери аныкталган. Дарыгерлердин тынчсызданууларына караганда, бруцеллез оорусу менен жаш балдар жана өспүрүмдөр көбүрөөк жабыр тартууда. Тактап айтканда жугуштуу бул илдетке чалдыккандардын жалпы санынын 28 пайызын өспүрүмдөр түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG