Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Салык кодексинин жаңы долбоору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте өлкөнүн Салык кодексинин жаңы долбоору талкууланды. Ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, өлкөдөгү банк системасынын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Мыйзам долбооруна жеке жана юридикалык тараптардан мамлекетке төлөнүүчү салыктардын бардык түрлөрү камтылууда. Долбоордо ошондой эле банктардын ишмердүүлүгүндөгү айрым жаңы кызмат көрсөтүүлөргө, лизингдин киргизилишине, кыймылсыз мүлктүн камсыздандырылыша байланыштуу салыктардын жаңы түрлөрү каралган. Жыйында Салык кодексинин долбоорундагы айрым нормалар, беренелер башка мыйзамдарга каршы келет деген пикирлер айтылды. Жыл башында Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия 15-майга чейин кодекстин долбоорун тийешелүү мекемелерге экспертизага сунушташы керек.

XS
SM
MD
LG