Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Жөө аскерлерге каршы колдонулчу миналарга тыюу салуу талкууланат


БИШКЕК. 15-16-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөнбү шаарында «Оттава конвенциясына карай Борбор Азиядагы прогресс» деген темада эларалык конференция болот. Анда жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды жасоого, топтоого жана колдонууга тыюу салуу маселеси талкууланат. Конференцияга катышууга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Кытай жана Тажикстанда жайгашкан эларалык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Кыргызстандан жыйынга тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков жетектеген делегация катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Кыргызстандын Баткен облусуна чектеш аймактарга Өзбекстан койгон минадан кыргыз атуулдары жабыркап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG