Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Чеченстанда ири аскердик операция жүргүзүлүп жатат


ГРОЗНЫЙ. Чеченстандан алынган маалыматтарга караганда, Ишхай-Юрт кыштагынын айланасында 13-апрелге караган түнү чечен милиционерлерин өлтүрүп кеткен деп шектелген чечен согушкерлерин камалоо операциясы жүргүзүүдө. Аны федералдык аскерлер менен Чеченстандын тартип коргоо органдарынын күчтөрү биргелешеп ишке ашырып жатышат. Түндүк Кавказдагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, ок атышууда орусиялык үч аскер менен бир чечен милиционер курман болду. Куралчан согушкерлердин катарында жоготуулар жок.

XS
SM
MD
LG