Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

ОРУСИЯНЫН БИЙЛИГИ ӨЛКӨНҮН ИРАКТАГЫ 816 АДИСИН КӨЧҮРҮП КЕЛМЕКЧИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын чукул кырдалдар министрлиги (ЧКМ) 15-16 апрелде Иракта иштеп аткан кишилерин көчүрүп келүүнүн камын жей баштады. Ал үчүн ЧКМ 7 учакты жолго чыгарып, алар менен 553 орусиялык жана 263 КМШлык атуулдарды тартып келүүнү пландап атат. Маскөө мындай кадамга Иракта электир станциясын куруп атышкан орусиялык адистерди 12-апрел күнү кечинде кимдир-бирөөлөр кармап кетип, эртеси кайра койо бергенден кийин барган. Өлкөнүн тышкы иштер министирлиги 13-апрелде Ирактагы атуулдарына кайрылуу жасап, аларды мекенине кайтып келүүгө чакырды.

Иракта иштеп жүргөн орусиялык айрым энергетиктерди 12-апрелдин кечинде үйүндө эс алып олтурганда бейтааныш бирөөлөр күчкө салып кармап кетип, түнү бою сарайда кармап жатып, эртеси “силер кимсиңер, кайдан келген кишисиңер, эмне иш кыласыңар?” деген суроолор берип туруп, алардын аты-жөнүн тактагандан соң бошотуп жиберген.

Ошол оор мүнөттөрдү башынан өткөргөн Игорь Фролов, “Интерэнергосервис” компаниясынын жумушчуларын бири, өзүн барымтага алган ирактыктар туурасында мындай дейт:

- Куралчан келишти, дээрлик жаштар экен. Баарыбызды жерге жаткырып, унаа машине келишин күтүштү. Кийин унаа келгенде ага бизди олтургузуп алып жүрүп кетишти.

Күйөөсү Игорь барымтага алынганын Челябин калаасында туруучу жубайы Наташа түнкү сыналгы берүүсүнөн уккан. Болгону 9 күн мурда Багдадга иштегени кеткен эринин козголоңчулар колуна түшүп калганын угуп эси чыгып эндиреп калганын айым жашырбайт:

- Жаңылыктан эримдин барымтага алынганын укканда кулагымын ичи зыңылдап, андан ары эч нерсе укпай калдым. Эсим ооп олтуруп калдым, - дейт Багдадда барымтага алынган орус жигиттин колуктусу.

Бул окуядан кийин “НТВ” сыналгысы билдиргенге караганда, Иракта барымтага алынган орусиялык энергетиктерди бошотууда Орусиянын Компартиясынын (РФКП) жетекчилигинин арага түшүүсү оң жыйынтык берген. Бул туурасында Г.Зюганов маалымат таркаткан. Бирок ал маалыматты “Интерэнергосервис” компаниясынын Багдаддагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Борис Данилкин четке какты:

- Мен Зюгановдун айтканына түботу менен каршымын. Мен анын кандай жагдай болбосун аны өзүнүн атын чыгаруу үчүн пайдалана тургандыгын жакыш түшүнөм.

Ошол эле учурда Данилкин, чындыгында эле орусиялык жумушчуларды кайтарыкка алган топ ирактык компартия мүчөлөрү болгон дейт. Бирок алар чабалдык кылганын белгилейт. Бетин жоолук менен таңып алган мылтыкчан кишилер келип орусиялык адистерди курчап калганда, кайтарыкта турган ирактык коммунисттер туш тарапты бет алып качып кетишкен.

ИТАР-ТАСС агенттиги билдиргенге караганда, Иракта азыркы тушта 700дөн ашуун орусиялык атуул бар экен. Алардын 37си - Орусиянын Ирактагы элчилигинин кызматкери, 370си - Юсифия калаасында электир станциясын куруп аткандар. Ошондой эле “Лукойл” мунай компаниясынын жумушчулары бар экен.

Эми аларды Ирактан чыгарып келүү үчүн Орусиялык чукул кырдалдар министрлиги 7 учак даярдап атат жана аларды көчүрүп келүү чарасы эртең башталат.

XS
SM
MD
LG