Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Еврокеңеш Армениядагы башалмандыктарга тынчсызданып жатат


СТРАСБУРГ. Еврокеңештин баш катчысы Валтер Швиммер Арменияда болгон окуяларга тынчсыздануусун билдирип, башалмандыктар учурунда парламент депутаттарынын камакка алынышы мыйзамсыз экенин билдирди. ПАСЕнин президенти Петер Шиидер болсо Армян парламентинин спикери Артур Багдасаряндан окуя жөнүндө толук маалымат берүүсүн талап кылды. Кечээ Армян полициясы өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды суу менен аткылап таратып, оппозициянын активдүү мүчөлөрүн камакка алган болчу. Армениянын президенти Роберт Кочерян оппозицияны "калкты козутуп" жатат деп күннөлөп, "саясий экстремизмге" каршы катаал чара көрүүгө кесенген.

XS
SM
MD
LG