Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Кытай жетекчилиги Америкадан Бээжиндин "Бирдиктүү Кытай" саясатын колдоосун талап кылды


БЭЭЖИН. Кытай жетекчилиги Америкадан Бээжиндин "Бирдиктүү Кытай" саясатын колдоосун талап кылып, Тайвандын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көрсөтпөөгө чакырды. Бул жөнүндө бүгүн Кытайдын президенти Ху Дзинтао АКШнын вице-президенти Дик Чейни менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Коммунисттик Кытай Тайванды өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Чейни ошондой эле Кытайдын премьер-министри Вен Жибао, Жогорку коргоо кеңешинин төрагасы Дзяң Дзямен менен жолугушту. Премьер Вен Жибао Америкадан Тайванга курал сатууну токтотуусун талап кылды. Чейни өз кезегинде Кытай менен АКШнын өз ара мамилелерине, Бээжиндин Түндүк Корей кризисин жөнгө салуудагы ролуна жогору баа берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG