Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Эртеңден тарта Орусия Ирактагы жарандарын чыгарып кете баштайт


МОСКВА. Анын аралыгында, Орусия Иракта иштеп жаткан орусиялык жана КМШлык жарандарды бейшембиден тарта чыгарып кете баштарын билдирди. Чукул кырдаал министрлигинин өкүлүнүн айтымында, атайын учактар менен Москвага 553 орусиялык жана 263 КМШлык жаран жеткирилет. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министрлиги Иракта жүргөн орус жарандарын мекенине кайтып келүүгө, ал эми Иракка жол тартууга камынгандарды азырынча аярлай турууга чакырган. Мындай чакырыкка ушул жумада Иракта орусиялык жана украиналык 8 жарандын барымтага алынышы себеп болду. АКШ жетекчилигинин маалыматына караганда, азыр Ирактагы куралдуу топтор 12 өлкөнүн 40 жаранын барымтада кармап турушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG