Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

Америкалык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарына чабуул коюшу мүмкүн. Шаардын чет жакасында азыр эки жарым миңдей жоокер турат. Ал эми жергиликтүү шийиттердин радикал дин ишмери, жактоочулары аталган шаарды көзөмөлдөп турган Моктада аc-Садр араб сыналгы каналдарынын бириндеги маегинде АКШ баштаган аскерлерге багынып берүү ниети жок экенин билдирди. Мунун аралыгында Фаллужа шаарында ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү жума күнгө чейин узартылды.

Ушул айдын ичинде Ирактын түштүгүндө жана башкалаа Багдаддын айланасында орун алган козголоңду дал ушул Моктада ас-Садрдын жактоочулары баштаган эле. Алар алгач мындан эки аптача мурун коалициянын аскерлери менен шийиттер үчүн ыйык шаар катары эсептелген Нажафта кагылышкан. Жаш экенинине карабай шийиттердин радикал дин ишмери катары белгилүү болгон Моктада ас-Садрдын куралдуу тобу "Мехди" армиясы деп аталат. Ал өз жактоочуларынын аракетин "элдик революция" деп сыпаттооодо. Шейшембиде Ливандын "ал-Мансар" сыналгы каналына берген интерьвюсунда Моктада Садр мындай деди:

- Мен Кудайдан гана корком. Бул - биринчиси. Мекеним үчүн кан төгүүгө даярмын. Экинчиден, ирактыктарды менин өлүмүм алардын көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн аягы болбошуна чакырам.

Кошмо штаттар "Мехди "армиясын мыйзамсыз түзүлгөн аскерий бирикме деп эсептейт. Шейшембиде Ак үйдө өткөн басма сөз жыйында президент Жорж Буш Моктада Садрдын армиясы таратылыш керектигин белгиледи. Буш ошондой аскерий жетекчилердин өтүнүчү боюнча Иракка кошумча он миң жоокерди жөөтүүгө даяр экенин маалымдады:

- Аскерлерди азыр жана келечекте бекемдөө жериндеги кырдалга жараша аныкталат. Эгер кошумча күч керек болсо биз жиберебиз. Эгер кошумча жардам зарыл болсо, аны алышат.

Шийитттер үчүн ыйык шаар катары саналган Нажафка чабуул жасоо алардын козголоңун дагы күчөтөт деген кооптонуулардан улам америкалык аскерлер бул жерде урушка тартылуудан сактанып келүүдө. Тирешүүнү тынч чечүү үчүн жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы маалыматтар түшүүдө.

Ирактагы америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Марк Киммиттин сөзүнө караганда, Нажафка жакындаган жоокерлердин максаты ас-Садрды кармоо же жок кылуу. Америкалык аскерий өкүлдөр алар ас–Садр менен сүйлөшүүгө көп деле дилгир эмес экенин ишара кылды. Бирок ас-Садрдын өкүлү Абделкарим ал–Анзинин кабарчыларга билдиргенине караганда, ал америкалык расмий адамдар менен жолугаар алдында бүгүн ас-Садрдын тынчтык сунуштары менен Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн жана америкалык расмий адамдарын тааныштырмакчы.

Мунун аралыгында, ирактык ортомчулардын айтымында, АКШ аскерлеринин курчоосунда турган Фаллужа шаарында ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү дагы 48 саатка же жума күнгө чейин узартылды. АКШ өткөн аптанын соңунда Фаллужага чабуул коюу убактысынча токтотулду деп жарыялагандан бери деле бул жерде түн ичинде бир нече сатка созулган атышуулар орун алууда. Фаллужада америкалык аскерлерге сунни козголоңчулары каршылык көргөзүп жаткан.

Америкалык аскерий өкүлдүн ырастоосунда , аларга каршы чабуул Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү кырдаалды тынчтык жол менен чечүүгө аракеттенип жатканынан улам токтотулуп турат. Жергиликтүү дарыгерлердин маалыматы боюнча, Фаллужадагы уруштарда азыркыга чейин алты жүздөй ирактык мерт болгон, 1250дөйү жаракат алган жана алардын жарымынанан көбү аялдар менен балдар. Ал эми АКШ аскерлеринин жоготуусу апрелдин ичинде эле 80ден ашты.

Иракта козголоңчулардын адамдарды уурдап кетүү аракеттери да уланууда. Маалыматтарга караганда, учурда 12 өлкөнүн 40тай атуулу барымтада турат. Орусия Иракта иштеп жаткан өзүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн 800дөн ашуун атуулун эвакуациялаган жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG