Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

ЖОРЖ БУШ: "БҮГҮН ДА ООГАНСТАНГА АСКЕР ЖИБЕРМЕКМИН"...


Жорж Буш шейшембиде чоң пресс-конференция өткөрүп, кабарчылардын бир топ кычыктуу суроолоруна жооп берди. Ирактагы АКШ аскерлери үчүн айрыкча каргашалуу болгон апрель айынын капортосундагы маалымат жыйынында президент Иракта кырдаал улам оорлоп баратса да америкалыктарды көздөгөнүнөн кайтпоого чакырды. АКШнын президенти Ирактын эгемендигин башында пландалгандай эле Ирактын элине 30-июнда кайтарып берилээрин бышыктады.

Маалымат жыйынында Жорж Буш өткөн эки апта америкалыктар үчүн да, ирактыктар үчүн да оор мезгил болгондугун моюнга алды. Ал АКШ армиясынын командачылары талап кылса Иракка кошумча аскер жиберүүгө даяр экенин бышыктады. Ошол эле мезгилде Буш Ирактагы соңку калабаны убактылуу каршылык көрсөтүү деп мүнөздөп, элди кулатылган президент Саддам Хусейндин кишилери, чет элдик согушчандар жана Мукрада ас-Садыр деген шийит молдонун колдоочулары гана козутуп жатат деди:

- Бул коога мына ушул жаны жай албаган экстремисттердин бийликке умтулуусунан келип чыгып отурат. Бул жарандык согуш же жалпы элдик козголоң эмес. Ирактын көбү тынч. Ирактыктардын көбү зордук-зомбулукту четке кагып, диктатурага каршы турушат.

Буш сүйлөгөн шейшембиге чейин үстүбүздөгү айда Иракта АКШнын 83 аскери набыт болду. Жаракат алгандардын саны 560ка жетти. Саддам Хусейн өткөн жылдын апрелинде кулатылганга чейин бир да айда АКШнын армиясы мынча жоготууга учураган эмес. Мындан бир жыл, бир ай мурда Ирак согушу башталгандан бери Ирак жергесинде баш-аягы 678 америкалык аскер ажал тапты.

Учурдагы коогалаң АКШдагы президенттик шайлоого жети ай калганда орун алып, Жорж Буштун саясий беделине катуу сокку урду. Азыр АКШда президенттин улуттук коопсуздук жаатындагы ишмердигин калктын 50 пайыздан анча-мынча көбүрөөгү гана колдойт. Ал эми жалпы коопсуздук, экономика сыяктуу тармактарда сурамжылоого катышкан америкалыктардын арасында Бушту колдогондордун саны 50 пайыздан да төмөндөп кетти.

1968-жылы Вьетнам согушу күчөп турганда калктын колдоосунан ажырап калган президент Линдон Жонсон кийинки президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан. Бирок Вашингтондогу пресс-конференцияда Жорж Буш ноябрдагы шайлоого талапкердигин коюудан баш тартпай тургандыгын бышыктап, буларды кошумчалады:

- Менимче, (азыркы учурду) Вьетнам согушу менен салыштырган туура эмес. Бул кыйын иш, тираниянын капканына кабылган өлкөдө эркиндик орнотуу жеңил эмес. Биз ишибизди улантышыбыз керек, анткени анын жыйынтыгы биздин улуттук кызыкчылыкка кызмат кылат.

Буш ошондой эле Ирактын эгемендиги ирактыктарга 30-июнда өткөрүлүп берилээрин бышыктап, Вашингтон Ирактын жаңы өкмөтүн дароо таанып, Багдадга элчисин жиберет деди. Анын айтымында, Бириккен Улуттардын Багдаддагы атайын элчиси Лахдар Брахими учурда жаңы өкмөттүн курамынын үстүнөн иштеп жатат.

Кабарчылар Буштан "катасын эч качан мойнуна албайт" деген пикирге көз карашын сурашты. Бир кабарчы "сиз 2001-жылдын 11-сентябрынан бери ката кетирген учуруңуз болдубу?" деп маселени кабыргасынан койду. Буш бир нече жолу такалып барып, жооп берди. Бирок жообунда каталарын эмес, өз ишинин ийгиликтерин баяндады:

- Мен азыр да Ооганстанга аскер жиберет болчумун. (Иракта массалык кыргын куралы табыла элек,) бирок мен муну билип туруп да, дүйнөнү Саддам Хусейнди бир жаңсыл кылууга чакырмакмын.

Акыры Буш "айрым каталарды кетирген болушум мүмкүн, бирок пресс-конференцияда толкунданып тургандыктан, эч бирин эстей албай жатам" деди.
XS
SM
MD
LG