Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИ ДАЯРДАЛУУДА


Ушул жылдын башында президенттин буйругу менен Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоочу комиссия түзүлгөн. Ага улай топтолгон эксперттик жумушчу топ жаңы Салык кодексинин долбоорун даярдоодо. Экономикалык жаңы документтин кабыл алуунун зарылдыгы турмуш талабынан улам чыкканын кыргыз өкмөтү такай айтып келет. Шаршембиде жаңыланган Салык кодексинин долбоору “тегерек үстөл” жыйынында талкууланды.

Салык кодексине буга дейре оголе көп алымча-кошумчалар киргизилип, аны экономикалык турмуштун талабына ылайык келтирүү аракети жасалып келген. Жыйынтыгында 700дөн ашуун оңдоо-түзөтүү киргизилген кодекс кыйла чаржайыт документке айланды. Кодекстин айрым беренелеринин ичара карама-каршылыгын айтпаган күндө да, айрымдары кабыл алынган мыйзамдарга кайчы чыкты. Бул кенемтени толтуруш максатында жыл башында Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, эксперттик жумушчу топ ишке киришкен.

Эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красников долбоорду даярдоого кызыккан тараптардын текши катышуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн деп маалымдады:

- Эксперттик топтун милдети келип түшкөн пикир-сунуштардын дээрлик баарын болушунча эсепке алуу. Биз аны Интернет аркылуу, электрондук почта менен,кат жүзүндө, атүгүл телефон аркылуу кабыл алабыз. Сунуштарды чогултуп, аларды жаңы редакцияны даярдоодо эске алабыз.

Андрей Красниковдун айтымында, жаңы Салык кодексинин башкаруу, кирешелер боюнча салык салуу, финансы, камсыздоо боюнча бөлүмдөрүнө пикир-сунуштар арбын түшкөн. Жаңыланган Салык кодексине жаңы бөлүмдөр кошулмакчы:

- Өзгөчө кырдаалдарга карата акча бөлүү, автожолдор, салыктын өзгөчө режими, мисалы, эркин экономикалык аймактардан салык алуунун өзгөчөлүгү тууралуу өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп жатабыз,- дейт Андрей Красников.

Президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Улан Даникеевдин ырасташынча:

- Жаңы кодекс деле салык саятындагы жаңы принципиалдуу өзгөрүүлөрдү камтыбайт. Салык саясатынын атайын концепциясы, салык жыйноо кызматтарынын стратегиясы иштелип чыккан. Салык кодексинин жаңы редакциясы мына ушул эки документтин алкагында жүрүүдө. Биз аны ичара карама-каршылыктардан арылтуу максатын көздөп, иштеп чыгып жатабыз.

Анын айтуусунда, Салык кодексинин жаңыланып турушу турмуш талабынан чыккан зарылдык:

- Бир жыл, эки жыл, беш жыл өткөн соң буга деле толгон-токой өзгөртүүлөр киргизилет. Себеп дегенде, турмуш алга жылып, өзүнүн оңдоолорун киргизе берет.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ырасташынча, жаңы кодекс ишкерликти өнүктүрүүгө, көмүскө экономиканы коңулдан чыгарууга өбөлгө түзмөкчү:

- Жаңы идея, сунуштарды Салык кодексине киргизип алсак, көмүскө экономиканын ачыкка чыгарып алсак деген тилектебиз. Бир эле максатты көздөп жатабыз. Иштеп аткан ишканалар салык төлөшү керек, салык адилет алынсын.
XS
SM
MD
LG