Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МУСУЛМАНДАР САЯСАТТАН АЛЫС БОЛУУНУ ЧЕЧИШТИ


Кыргызстандагы мусулмандардын уламалар кеңеши диний жайларда саясий үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салган. Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун билдирүүсү боюнча, уламалар кеңешинин бул чечимин бузган фактылар өлкө ичинде каттала элек. Бирок коом ичинде дин кызматкерлеринин үгүт иштерине кыйыр түрдө катышып, саясатка аралашуусу кадимки көнүмүш көрүнүш катары кабылданат жана аны жеке кызыкчылыгына пайдалануу аракеттери жок эмес.

Кыргызстандын мусулмандарынын уламалар кеңеши «Динди саясатташтырбоо» жөнүндөгү токтомун өткөн жылдын октябрь айында кабыл алган. Муфтий Муратаалы ажы Жумановдун айтымында, анда дин кызматкерлери саясий үгүт иштерге катышпасын жана диний жайларды үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбесин деген талап коюлган:

- Токтомду ислам динин саясатка аралаштырып жибербөө үчүн имам, молдолорго атайын көрсөтмө, тапшырма иретинде кабыл алганбыз. Анда эгерде бир шайлоо округу боюнча атаандаш болгон талапкерлер мечитке чогулса же жалгыз келсе аларга мечиттин микрофонун берип, анын сөзүн айттырууга уруксат жок деп айтылган. Андан тышкары мечиттин ичинде имам бир тараптуу болуп алып, тигил же бул талапкер тууралуу «тигил талапкер күчтүү экен же бул талапкер күчсүз экен» деген саясат болбосун деп айтылат. Ошондой эле динди саясатка айландырып, мечитке келип динге жамынып алып, кой союп «мени депутат кылсаңар мечит же медресе куруп беремин” дегендерге уруксат жок, андай иштерге шарт түзүлбөсүн деген талап коюлган. Мечит же медресе курса кудай үчүн курсун, башка шарт болбосун деген атайын токтом чыгарганбыз.

Муфтийдин айтымында, токтом эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоону эске алып эле, аны утурлап кабыл алынган жок. Болгону ага коом ичинде динди, диний жайлар менен алардын кызматкерлерин жеке кызыкчылыкка пайдалануу аракеттери түрткү болгон:

- Акыркы учурларда динди, анын ичинде исламды жана мечит, медреселерди өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып жиберүү фактылары эл ичинде байкала баштады. Маселен, «Хизб ут-Тахрир» сыяктуу диний уюм менен агымдар өздөрүнүн жеке саясий максаттарын исламдын атына жамынып алып, мечит, медреселерде чогулган элдин арасында жүргүзүп жаткан иштери буга күбө. Андан тышкары өзүбүздүн эле дин кызматкерлерибиздин өз укук, милдеттерин жакшы түшүнбөгөндүктөн саясатка аралашып кеткен учурлары бар. Ошондой эле өкмөттүк кызматта иштеп жаткандар, депутаттар мечиттер аркылуу жеке кызыкчылыктагы максаттарын жайылтуу иштери байкалгандыгынан улам биз атайын токтом чыгардык.

Мусулмандардын дин башкармалыгынын бул чечимин кыргыз саясатчыларынын көбү колдоо менен кабыл алышты. Алардын бири - депутат Токтокан Боромбаева:

- Муфтияттын бул аракети туура. Анткени эл арасында дин кызматкерлеринин таасири бар. Таасири бар болгондон кийин дин кызматкерлери үгүт иштерине аралашса шайлоо толук мыйзам чегинде жүрбөй калышы мүмкүн. Бирок тилекке каршы болочок талапкерлердин арасындагы кээ бир адамдар динди пайдаланып, азыр элди болор-болбос нерсе менен алдаганга аракеттенип жатышат.

Депутаттын пикири боюнча, дин кызматкерлерин үгүт иштерине тымызын тартууга каршы ишти мамлекеттик органдар жүргүзүүгө милдеттүү. Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсуповдун ал сунушка берген жообу төмөнкүчө болду:

- Диний мекемелерди ушундай ишке кийлигишпегиле деп көзөмөлгө алып, башкарганга биздин укугубуз жок. Бирок өздөрүнүн чечими чыккандан кийин аны аткарышат деген ишенимдемин. Саясий иш менен кайрылгандар болсо, алар өздөрү эле аралаштырбаса керек. Себеби саясатка кийлигишүү алардын негизги максатына карама-каршы келет. А биздин саясатка аралаштырбоо жаатында иш жүргүзүү максатыбыз жок. Андай багытта иш жүргүзүүгө биздин жобо да жол бербейт. Мыйзам бузулса жана такыр эле чечилбей жаткан маселе болсо, анда сот аркылуу чечип, тийиштүү жообуна алууга болот
XS
SM
MD
LG