Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

ЖАҢЫ ПАСПОРТ, БОРБОР АЗИЯНЫ ЭЭЛЕГЕН «АЛЬЯНС», КЫРГЫЗ АСКЕРИ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы өлкөдө кайрадан паспорт алмаштыруу иши жүрөөрүн баяндады. ”Адабий гезитте” мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөдөгү 100 саясатчынын бедели өткөн жума ичинде кандай өзгөргөнү баяндалды. Ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын кабарчысы Канат Деркембаев буларды айтып берди:

- Өзбекстан менен болгон чегара маселелери жөнүндөгү макала жарыяланды. Премьер-министр Николай Танаевди отставкага кетирүүгө болгон аракет бийлик талашуунун биринчи этабы же келээрки шайлоолорго карата даярдыктын башатыбы? Депутат Александр Карпасов кандайча 800 миллион сомду таап чыкканын жаздык. Ошондой эле аманатчылардын каражаты кайтарылабы? Өлкөнүн ичиндеги МАИ посттору алынабы же кыскарабы? Мына ушундай суроолорго «Общественный рейтинг» жумалыгынан жооп аласыздар.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси өлкөдө паспорт алмаштыруу адатка айланып баратканын, эмки жаңы паспорт Англияда эмес, Молдовада жасалаарын белгиледи. Эгемендүүлүк менен кошо алган Кыргызстандын улуттук көк паспорту учур талабына жооп бербегенин, эмки жаңы паспорт менен кошо өздүк күбөлүк да берилээрин, аны менен коңшу өлкөлөргө да барууга болоорун, жаңы паспорттун баасы бычыла электигин жазат кабарчы Алена Феоктистова.

«Бишкекте эле май куйуучу 34 жай бар, 2002- жылдагы кирешеси 4 миллиард доллар болгон орусиялык «Альянс» мунай компаниясы Борбор Азиянын аймагын ээлеп алды» деп жазат журналист Анастасия Волгина.

Шаршембиде жарык көргөн «Замандаш» журналынын 4- санында байыркы замандан бери мекендин сакчысы болуп келген, эркек бала төрөлгөндө эл жоокер төрөлдү деп эсептеген кыргызга бүгүн аскер керектигин журналисттер Абдыкерим Муратов менен Жыргалбек Касаболотов талдоого алат.

«Армия жөнүндө» мыйзамдын долбоорун даярдаган депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында аскердик кызмат өтөп келгендерге жогорку окуу жайларга окууга кабыл алууда жана мамлекеттик жумушка орноштурууда артыкчылык берүү керек. «Ал эми Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы 2 эсеге көбөйүп, кызматын өтөп келгендер үчүн жогорку окуу жайларга кирүүгө 20 упай артыкчылык берилип жүрөт», деп жазат автор.

Ушул эле “Замандаш” журналында адабиятчы, профессор “Шинжаң” журналынын редактору кытайлык кыргыз Макелек Өмүрбай менен болгон маек жарыяланды.

“Кытайда жашап келген жергиликтүү кыргыздарда Жусуп Мамайдын манасчылык салтын уланткан жаштар жок. Кыргыздар жөнүндө кытайдын байыркы тарыхый жазууларында дагы бар. Ошол тарыхый жазууларды которуу максаты менен Кыргызстанга келдим ”дейт Макелек мырза.

Ошондой эле журнал Борбор Азиядагы суу проблемаларын дагы көтөрүп чыкты.

14-апрелдеги “Адабий гезитте” мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин өрнөктүү өмүр жолу жөнүндө журналист Жапаркул Токтоналиевдин макаласы жарык көрдү.

15-апрелде басууга даярдалып жаткан “Жаңы ордо” басылмасында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Азизбек Чамашев мындай дейт:

- Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин административдик маданий борборду куруудагы өкмөттүн каталыктарын айыптаган маеги кетип жатат. Депутат Бектур Асановдун Грузияга барып, парламенттик шайлоолорго байкоочу болуп келгендеги ой- пикирлери да жарыяланууда. Белгилүү кино ишмери Болот Шамшиев азыркы саясый кырдаалга өз баасын берип, кино тармагынын көйгөйлөрүн ортого салат.

Ал эми 15-апрелде чыгууга даярдалып жаткан «Учкун» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен баш редактор Абдувахап Мониев мындайча тааныштырды:

- Акыркы кезде жалдап адам өлтүртүү фактысы Кыргызстанда көбөйүп кетти. Мындай кылмыштар Ысыккөлдүн эс алуучу жайларында арбын болууда. Мунун себептерин иликтөөгө алып көрдүк. Ошондой эле, «саясый микрофон» деген рубрикада «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин азыркы кырдаал, партиянын төрагасы Феликс Куловдун абактан бошоору же бошобосу тууралуу пикири, аны бошотууну талап кылып, жөө жүрүшкө аттанып жаткандары тууралуу ойлорун ортого салат.
XS
SM
MD
LG