Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Армян оппозициясы жаңы демонстрацияларга даярданууда


Армениянын оппозициялык саясатчыларынын айтымында, 13-апрелдеги демонстрацияны бийлик күч менен тараткандан кийин, эми оппозициялык аракеттер ого бетер күчөйт. Ереван шаарынын борборунда эки миңге жакын адам чогулуп, президент Роберт Кочаряндын кызматтан кетишин талап кылганда, милиция ал митингди күч менен таркаткан жана ондогон адам жараат алды. Милиция тарабынан кармалып, кийин койо берилген депутат Шарваш Кочаряндын айтымында, жума күнү Ереванда жаңы демонстрация уюштурулат жана анын катышуучулары референдум аркылуу президентти кызматтан кетирүү демилгесин көтөрөт.

XS
SM
MD
LG