Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Басылып алынган араб жерлерин Израил толук бошоткусу келбейт


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон шаарында жөөт премьер-министри Ариэл Шарон менен жолукканда Жакынкы Чыгыштагы Израилдин пландарына колдоо билдирди. Ал план боюнча Израил басылып алынган араб жерлеринин баарын бошотпойт. "Түзүлгөн кырдаалды эске алсак, ал жерлерде бир топ ири израилдик айылдар пайда болгон, ошондуктан 1949-жылдагы чектерге чейин чегинүү азыр мүмкүн эмес", - деди Буш. Палестинанын премьер-министри Ахмед Корей америкалык президенттин бул турумун дароо катуу сынга алды. Анын айтымында, мындай планга арабдар макул боло албайт. Төрага Ясир Арафаттын пикиринде болсо, мындай аракет менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотуу жараяны токтоду десе болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG