Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

ООГАНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КАЗАКСТАНДА


Кубат Оторбаев, Прага 15-апрелде Ооганстандын мамлекеттик делегациясы Астанага ырасмий сапар менен келди. Президент Хамид Карзай менен Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев жолугушуп, эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты.

15-апрелде Астанада Хамид Карзай менен Нурсултан Назарбаев эки мамлекет ортосундагы өз ара мамиленин жана кызматташтыктын негиздери деген келишимге кол коюшту. Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда соода-экономикалык кызматташтык тууралуу макулдашууга да мөөр басылды.

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан Ооганстан менен соода-экономикалык, саясий мамилелерди түзүүгө жана маңзаттарга каршы биргелешип күрөшүүгө кызыкдар деп билдирди.

Анын айтымында, Казакстан Ооганстанда туруктуулуктун сакталышына кызыкдар. “Биз Ооганстанга арналган баардык жыйындарга үзгүлтүксүз катышабыз. Казакстандын адистери силердин геология, жол салуу жана башка тармактарыңарда иштөөгө даяр” – деди Назарбаев. Анын айтымында, ушул тапта бүтүн дүйнө эли Ооган жергесинде тынчтыктын орношун жана өлкөнүн экономикасынын калыбына келишине кызыкдар.

Назарбаевдин мындай пикирин президент Хамид Карзай да өз сөзүндө андан ары улантты. “Мыйзамды сыйлаган мамлекет курууга Ооган өкмөтү бар болгон күч-кубатын жумшайт. Ал үчүн эң алды эл арасындагы ынтымакты чыңдап, өлкөдө тынчтык орнотуу зарыл” деди Карзай. Ал казак ишкерлерин Ооганстанды калыбына келтирүү иштерине жигердүү катышууга чакырды:

- Тынчтык орноп, экономикасы өнүгө баштаган Ооганстан бир тууган досу Казакстандан ишкерлердин келишин кубаттап, ага кубанат.

Хамид Карзай террорчулукка жана маңзаттарга каршы күрөштү улантууга жана ырасмий Астана менен мамилени мындан ары да жакшыртууга сөз берди. “Мен Казакстанда эки жолу болдум. Ар бир келген сайын өлкөнүн өнүгүп-өсүп жатканын көрүп, кубанам. Ооганстан Казакстандан үлгү алат” – деди Карзай. Ал президент Назарбаевди өз өлкөсүнө чакырды.

Ооган президентинин Астанадагы сапары 16-апрелде карыйт.

XS
SM
MD
LG