Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Өзгөн районундагы Сөгөт айлында жер көчкүдөн каза болгондордун жылдыгы өткөрүлдү


ОШ. Сөгөттөгү 38 адамдын өмүрүн кыйган жер көчкү өткөн жылы 20-апрелде болгон. Аларга куран окутуу жылдыгы Сөгөт кыштагында өтүп, ага эл-журт арбын чогулуп, каза болгондордун жакындары жабыла ыйлап-боздоп турушту. Аларга, жалпы эле жалпакташтыктарга Ош облус губернатору Накен Касиев, Ош облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мырзалы Абдрахманов, жергиликтүү молдо, айыл аксакалы Тешеке Атамкулов жана башкалар көңүл айтышты. Табигат кырсыгын жеңүүдө жалпы эл журттун, коомчулуктун, жергиликтүү жана жогорку бийликтердин эмгектери жумшалгандыгы сөзгө алынды. Арбактарга куран окулуп, аларга арнап экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги тарабынан тургузулган эстелик ачылды. Эстеликке аял затынын абстракциялык элеси түшүрүлүп, каза болгон 38 адамдын тизмеси берилген.

XS
SM
MD
LG