Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Лейлек районунун Андарак айылынын окуучулары мектепсиз калышты


БАТКЕН. Лейлек районунун Андарак айылындагы мектеп окуучулары айыл өкмөттүн кеңсесинде билим алышууда. Лейлек райондук акимчилигинен 15-апрелде алынган маалыматка караганда, Бугу аталган айылдагы Манас орто мектеби 6-апрелде болгон 4-5 баллдык жер титирөөдөн дубалдарынан жаракат кетип, кыйроо абалына келиши себеп болгон. Ушундан улам учурда сабактар айыл өкмөттүн жана айыл чарба кооперативдеринин кеңселеринде өтүүдө. 1966-жылы курулган Манас орто мектебинде бүгүнкү күндө 473 окуучу билим алат. Кыйроо абалында турган мектептин жанына 15 жыл мурда 840 орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы мектептин курулушу башталып токтоп калган. Аны бүтүрүү милдети экология жана чукул кырдаалдар министрлигине жүктөлгөнү менен иш жүргөн эмес. Мектеп кыйроо абалына келген соң ушул күнгө дейре эч кандай көңүл бурулбаганына нааразы болгон Андарак айылынын жашоочулары 15-апрелде райондук акимчиликтин алдына нараазылык акциясын өткөрөөрүн билдиришкен. Ал эми райондук бийликтин өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жаңы мектепти тез арада бүтүрүү аракетинде тийешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG