Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 15:05

Кыргызстандыктар Жапонияда тажрыйба үйрөнүшүүдө


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөттүк структураларынын, өлкөдөгү жеке ишканалардын экономикалык бирикмелеринин өкүлдөрү Жапониянын эларалык кызматташтык боюнча агенттигинин жардамы менен Токиодо тажрыйба үйрөнүп кайтышты. Кыргызстандын 8 өкүлү үч апта ичи Токио менен Осака шаарларында болуп, Жапониянын экономикалык бирикмелеренин өнүгүү тарыхы, иштөө тажрыйбасы менен таанышышты. Жапондон алынган тажрыйбанын негизинде алар жакында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча иш-пландарын түзө башташат. Кыргызстанда экономикалык бирикмелер жаңыдан түзүлө баштады. Алардын өнүгүшүнө Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги көмөктөшүүдө. Агенттик кыргызстандык ишкерлер үчүн тажрыйба үйрөтүү боюнча окуу курстарын мындан ары да уюштурмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG