Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

«Пирамида» чындыкты айткандыгы үчүн жабылдыбы?


БИШКЕК. "«Пирамида» телеканалы дайыма акыйкат жана туура маалымат берүүгө аракеттенип келген. Ал эми чындыкты айтуу биздин өлкөдө келишкис оппозиция катарына өтүүгө барабар. Мына ошондуктан «Пирамида» телеканалы иш жүзүндө жабылып отурат", деп билдирген «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов «Пирамида» телекөрсөтүүсүнүн суроолоруна жооп берип жатып. Феликс Куловдун ал маеги бүгүн «Моя столица - новости» газетасына жарыяланды. Өлкөдөгү кырдаалга токтолгон Феликс Кулов, Кыргызстанда авторитардык режим орноду, ал эми мындай режим өлкө ичиндеги оппозиция менен келишип иштей албайт, деген оюн билдирген. Президент Аскар Акаевдин 2005-жылда дагы бир ирет президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө токтолгон Кулов Акаевдин шайлоого барбаймын деген сөзүнө эч кимдин ишенбей жатканына карабай, ал өзү Акаевдин шайлоого барбасына ишенгенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG