Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Атуулдардын укуктары бузулууда


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов жаткан абакка чейин жөө жүрүшкө чыккан атуулдардын эркин чогулууга, пикет, митингдерди өткөрүүгө болгон укуктары тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан бузулууда. Мындай пикирлерин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев бүгүн «Азаттыка» билдиришти. Алар маалымдагандай, тынч жыйындарды, пикет, митингдерди өткөрүү жөнүндөгү мыйзамда атуулдар эч кимге тоскоолдук кылбаган жерлерге нааразылык акцияларга алдын ала эскертүүсүз чыгууга укук берилген. Ал эми тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жөө жүрүшкө чыккан атуулдарды митинг, пикет өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды жана Административдик кодексти бузушту деп күнөөлөшүүдө. Өлкөнүн «Тынч жыйындарды, пикет, митингдерди өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамдагы айрым беренелер бири-бирине карама-каршы келгендигине байланыштуу, мыйзамчы-депутаттар менен укук коргоочулар тарабынан ага өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

XS
SM
MD
LG