Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Куловду жактоо боюнча жөө жүрүшкө чыккандар камакка алынып, соттолду


БИШКЕК. Абакта жаткан Феликс Куловду бошотуу талабы менен Бишкек шаарынан Сокулук районундагы Жаңыжер жергесиндеги абакка чейин баруу акциясы бүгүн ишке ашпай калды. Чогулгандар акциясын баштай электе эле милиция кызматкерлери тарабынан күч менен таркатылды. Алардын ичинен 18 киши кармалып, шаардык милициянын Биринчи май райондук бөлүмүнө алынып барылды. Кармалгандар ичинен «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев, Феликс Куловдун эжеси Жумагүл Кулова жана КДК партиясынын лидерлеринин бири Виктор Черноморец райондук милиция бөлүмүнөн бошотулуп, ал эми калган 15 атуулдун үстүнөн Биринчи май райондук сотунда сот болду. Кармалып, сот тарабынан акчалай айып салынып, эскертүү берилгендер арасында белгилүү укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Турсунбек Акун, Азиза Абдрасулова бар. Феликс Куловдун тарапкерлери 15-апрелде ал отурган абакка чейин жөө жүрүш акциясын жасоого даярданышкан эле. Анын максаты Феликс Куловдун саясий туткун экенин дагы бир ирет кыргыз калкына жана эларалык коомчулукка эскертүү болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG