НОВО-ОГАРЕВО. Өзбекстан президенти Ислам Каримовду бүгүн Орусия президенти Владимир Путин Ново-Огареводогу мамлекеттик резиденцияда кабыл алды. Жолугушуу учурунда Орусия президенти марттын этегендеги жардырууларга байланыштуу Каримовго көңүл айтты жана терроризмге каршы күрөштө жардам берүүгө Орусия даяр экенин билдирди. ИТАР-ТАССтын жазышынча, эки президент регионалдык жана эларалык маселелерди да талкуулашты. Өзбек президентинин Орусияга эки күндүк иш сапары бүгүн башталды. Сапар учурунда экономикалык кызматташтыкка олуттуу маани берилмекчи.